Казакстан менен Египет Алматыда медициналык препараттардын фармацевтикалык паркын түзөт

Казакстан менен Египет Алматыда медициналык препараттардын фармацевтикалык паркын түзөт. Аталган өлкөдөгү Казакстандын элчиси Арман Исагалиевдин маалыматы боюнча, биргелешкен инвестициялык долбоордун наркы - 25 миллион доллар. Заманбап фармацевтикалык парк эки мамлекетке аймактагы жаңы рынокторду багындырууга жол ачат, дейт дипломат. Ошондой эле, анын айтымында, Казакстан жакында Египетке буудай экспортун кайра жандандырат. Бүгүнкү күндө 10 миллион доллар суммага келишим түзүлдү. Дипломаттын маалыматына ылайык, Египет тарабынан  өз аймагында Казакстандын дан хабын түзүү планы бар.

АРМАН ИСАГАЛИЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ЕГИПЕТТЕГИ ЭЛЧИСИ:

- Египеттин 100 миллион калкы бар. Бул дүйнөдөгү ири импорттоочулардын бири. Ал жылына 10-12 миллион тонна буудай импорттойт. Ошондуктан биз үчүн мүмкүнчүлүгү мол рынок. Египет бул багытта Казакстанды стратегиялык өнөктөш катары караштырат. Ошол себептүү өз аймагында дан терминалын салууну көздөп жатат.

Египет – Африка континентиндеги Казакстандын башкы соода өнөктөшү. Буудайдан башка Казакстан Египетке мунай, мунай өндүрүштөрүн жана металл буюмдарын экспорттойт. Импорт курамында химия жана фармацевтикалык өндүрүштөр, кийим-кече, цитрус жемиштери басымдуу. Исагалиевдин пикиринде, быйыл эки жактуу байланыштар бекемделди.

АРМАН ИСАГАЛИЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ЕГИПЕТТЕГИ ЭЛЧИСИ:

- 2017-жылы Казакстан менен Египет ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 62,4 миллион долларды түзгөн. Бул акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Ошондой эле, 2018-жылдын алгачкы жарым жылында эки мамлекеттин товар жүгүртүүсү 63 пайызга өсүп, 60,6 миллион долларга жетти. Бул бир жылдык деңгээлге тең.

Эки өлкө кызматташтыгынын дагы бир маанилүү багыты – туризм. Акыркы эки жылда Египетке саякаттаган казакстандыктардын саны 25 эсе өсүп, 120 миң адамды түзгөн. Расмий маалыматка ылайык, Египет курортторунда эс алуучулардын саны тууралуу Казакстан Украинадан кийинки экинчи орунда турат. Казак тарап да египеттик туристтерди Улуу талаа өлкөсүнө тартуу иш-аракеттерин жүргүзүүдө. 2019-жылы Каирден Астана, Алматы жана өлкөнүн башка шаарларына чартердик рейстерди ачуу тууралуу келишимдерге жетишилген.