Казакстан-Орусия: Биржалык биримдик

Казакстандык КАSЕ фондулук биржасы менен Москвалык МАЭКС биржасы кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Серепчилердин пикиринде, бул документ ЕАЭБдин алкагында туруктуулук көрсөтүүгө, аны менен катар эки өлкө ортосундагы баалуу кагаз соодасын токсоолдуксуз жүргүзүүгө жана жаңы инвесторлорду тартууга жол ачат. Ошондой эле, орусиялык өнөктөштөр казакстандык биржа капиталына 20 пайыз көлөмүндө кирип жатат. Инвестиция көлөмү менен куралдар азыр каржы рынокторунун серепчилери менен талкууланып жатат. КАSЕ менен МАЭКС биржаларынын өкүлдөрү үмүт кылган жаңы мүмкүнчүлүктөр - казакстандык компаниялардын Орусия рыногуна чыгуусу, технология трансферти, аны менен катар, эмитенттер, акционерлер, трейдерлер ортосундагы тажрыйба алмашуу болот.

ДАНИЯР АКЫШЕВ, КР УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Казакстандык фонд биржасы үчүн Москва биржасы ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш деп тааныйбыз. Алдыда эки өлкөнүн  экономикасына түрткү бере турган ири долбоорлор күтүп жатат. Биринчи кезекте баалуу кагаздар рыногу, корпоративдүү эмитенттер көңүл чордонунда. Бул жерде биздин ири мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм.

АЛЕКСАНДР АФАНАСЬЕВ, «МОСКВА БИРЖАСЫ» АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Биз өзүбүздөгү эң баалуу нерсебизди алып келдик. Бул биздин тажрыйбабыз менен ноу-хау. Биржабызда чет өлкөлүк катышуучулардын саны өсүп жатат. Жалпылап алганда алардын үлүшү акция жана деривативде катышуучулардын жарымына жетет. Ошондой эле, ички суроо-талап да жигердүү, себеби, биз ал жарандарыбыздын каржы рыногунда жигердүү болушу үчүн бардык шарттарды түздүк. Жашоочулардын  активи менен аманаттарынын арасында баалуу кагаздар үлүшү өстү.