Пастерленген төө сүтү сатыкка чыкты

Казакстан дүйнөлүк соода рыногундагы ордун бекемдөөгө кызыктар. Өлкө кайнатылып пастерленген төө сүтүнөн алынган өндүрүштөрдү экспортко чыгарат. Маңгыстау облусунда жайгашкан ишкана «Бизнестин жол картасы – 2020» программасынын аркасында өз кубаттуулугун 2 эсеге көбөйттү. 300 миллион теңгеге заманбап жабдыктар сатып алынган. Мамлекет башчысы өз Кайрылуусунда соода саясаты ата мекендик өндүрүштү аймактык жана чет өлкө  рынокторуна чыгарылышына басымдуулук бериши керектигин айткан. Жергиликтүү ишкерлер чет өлкөнү улуттук өндүрүштөр менен багындырууну көздөп жатышат.

АСХАТЖАН ИБРАЕВ, ЗАВОДДУН МҮДҮРҮ:

- Маңгыстау облусунан башка Атырау шаарына да чыктык. Президент Кайрылуусунда Жол картасынын мөөнөтүн узартты. Биз бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өндүрүш түрүн көбөйтүп, Орусияга экспортко чыгуу үчүн жабдыктарды сатып алгыбыз келет.

Белгилей кетсек, завод ири долбоордун негизги башаты. Бул жерде ири жана чакан чарбачылыктардан уй, эчки, төө сүтүн кабыл алат. Ишкана күнүнө 12 тонна сүт жана ачытылган сүт өндүрүштөрүн чыгарат. Анын 3 тоннасы кайнатылып пастерленген төө сүтү. Ал эми жарактуу мөөнөтү 1 айга чейин. Заводдо жалпы сүт өндүрүштөрүнүн 40 түрү чыгарылат. Бул жерде курут, ачытылган тан, сыр да бар. Жакынкы арада ата мекендик өндүрүш Астананын базарларында пайда болот. Аны менен бирге өндүрүүчү туруктуу түрдө 5 тонна шубат менен 2 тонна чалап чыгарууну көздөөдө.