Каспий Конвенциясы: Жаңы мүмкүнчүлүктөр

 Каспий Конвенциясы: Жаңы мүмкүнчүлүктөр

Каспий Конвенциясы Казакстанга жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Белоруссиялык серепчи Виталий Юрченконун айтымында, документ өндүрүлгөн өнөр жайдын өнүгүшүнө эле түрткү бербестен, анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

ВИТАЛИЙ ЮРЧЕНКО,  БИЗНЕС-СЕРЕПЧИ:

- Менин оюмча, Конвенция Казакстанда өтө пайдалуу болот. Себеби, сиздердин өлкөгө жээктердин басымдуу бөлүгү тиешелүү. 2,5 миң чакырымдан ашуун жер. Ошондой эле, Каспийден мунай менен газ өндүрүү 6,5 триллион долларга бааланып жатканын эскерте кетсек, бул ири экономикалык мүмкүнчүлүк деген сөз.

Конвенция Казакстандын, аны менен катар, жалпы аймактык экономикалык өнүгүшүнө ыңгайлуу жагдай жасай тургандыгын азербайжандык серепчилер да белгилешүүдө. Алардын пикиринде, бул эркин экономикалык аймактарды түзүүгө шыктандыруу менен катар, кошумча инвестиция тартууга жагдай жасайт. Серепчилер Каспий аймагындагы беш мамлекет тандап алган кызматташтык модели өзүнүн уникалдуулугу менен өзгөчөлөнөт дешет. Себеби, жээктердеги мамлекеттер бардык тармактарда иш-аракет жүргүзүшөт.

ВУГАР БАЙРАМОВ, ЭКОНОМИСТ:

- Каспий деңизинин макамын аныктоо Конвенцияга кол коюу менен гана чектелбейт. Аны менен катар, ал жээк аймактык өлкөлөрүнө кандай экономикалык дивидент алып келээри анык. Алдыдагы убакытта Каспийде жана жээктердеги өлкөлөрдүн аймагында жүк ташуу жогорулайт деп божомолдоого болот. Бул жаатта Казакстан жана Азербайжандын көрө турган пайдасы көп болот. Анткени эки өлкөнүн заманбап транспорт инфраструктурасы бар жүк агымы да мол.

АЙДЫН ГУСЕЙНОВ, ПАРЛАМЕНТ ДЕПУТАТЫ:

- Келишим мамлекеттердин өз ара кызыкчылыктарын урматтап, тиешелүү келишимге келсе болоорун бардык дүйнөгө көрсөттү. Конвенция токтоп калган ресурстарга жан киргизип, түтүктөр жана коммуникациялык магистраль салууга мүмкүнчүлүк берет. Эң башкысы Каспийдеги коопсуздук камсыз болот.