Кытай Казакстандын агро өнөр жай комплексине 200 млн АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция бөлөт

Кытай Казакстандын агро өнөр жай комплексине 200 млн АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция бөлөт

Кытай Казакстандын агро өнөр жай комплексине 200 млн АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция бөлөт. Эки өлкөнүн азык-түлүк индустрия ассоциациясынын башчысы  Кемелхан Абилековдун айтымында, «Бир кур-бир жол» программасынын алкагында Кытай ишкерлери өз тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр. Атап айтканда, Кытай өлкөсү жергиликтүү айыл чарба тармагына өздөрү колдонгон заманбап үлгүдөгү технологиясын сунуштап жатат. Ошондой эле, долбоордун алкагында келечекте алдыңкы технологияны өздөштүрүү боюнча райондордо  жаңы окуу борборлору ачылат.

ЛИ ИНЬ ЦЗЭН, КЭР МАМЛЕКЕТТИК СООДА-САТЫК ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин делегация Казакстандын айыл чарба министрлиги менен алгачкы сүйлөшүүлөрүн өткөрдү. Ушул багытта эки өлкө башчылыгы  менен айыл чарба тармагында кызмат кыла турган ишканалар өз ара пайдалуу кызматташтыкка кол жеткизе алат деген ишеничтемин. Казакстандын ишкерлери үчүн кытай рыногу мындан да жеткиликтүү болот деп ойлойм.

КЕМЕЛХАН АБИЛЕКОВ, КЫТАЙ-КАЗАКСТАН АЗЫК-ТҮЛҮК ИНДУСТРИЯСЫНЫН ИШКЕРЛЕРИ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Эки өлкө башчыларынын келишимдеринин негизинде Казакстан Кытайга буудай, урук, май жана башка айыл чарба өндүрүштөрүн жеткирип келет. Мындан башка бизге Кытай чек арасында жайгашкан башка уюмдар да колдоо көрсөтүшөт. Ошондой эле,  Кытай менен Казакстандын ортосундагы улуттук стандарттардын бири-бирине шайкеш болушу үчүн иш-аракеттерди кылып жатабыз.

Эскерте кетсек, коңшулаш өлкөлөрдүн ортосундагы келишимге өткөн жылдын тогуздун айында кол коюлган. Бүгүнкү күндө казакстандык экспорт үчүн Кытай рыногун дагы да жакындатуу иш-аракеттери жасалып жатат, дейт бирикменин өкүлдөрү.