Астана эл аралык каржы борборунун жумушуна арналган теле долбоор «Kazakh TV» каналында башталды

Астана эл аралык каржы борборунун жумушуна арналган теле долбоор «Kazakh TV» каналында башталды

Астана эл аралык каржы борборунун жумушуна арналган теле долбоор «Kazakh TV» каналында башталды. Бул Астана эл аралык каржы борборунун жумушуна арналган жалгыз телеканал. Активдерди башкаруу, ислам каржылоосу, финтех жана жашыл каржылоолор - программа хабдын бардык багыттары боюнча айтып берет.  Астана эл аралык каржы борборунун өнүктүрүү стратегиясы кандай? Анын алгачкы этаптарда кандай кадамдар, аймактык аянтчада борборду алдынкыларды катарына, андан кийин дүйнөлүк деңгээлге көтөрө алат? Берилген бардык суроолорго долбоордун авторлору жооп беришет.

СЕРГЕЙ СЕЛИЩЕВ, ДОЛБООРДУН ПРОДЮСЕРИ:

– Кайрат Келембетов өткөргөн брифингде, ал Астана эл аралык каржы борбору ачылаарын айткан. Биз өз командабыз менен отуруп, кеңешип, мындай теле долбоор керек болот деп ынандык. Бул биздин өлкөгө келе турган потенциалдуу инвесторлор үчүн деп айтсак да болот. Биздин өлкөдө сиздер үчүн зор мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн . Келгиле, инвестиция кылгыла.

АЭКБ тууралуу төмөндөгүдөй долбоор, борбордук экономика менен катар аймактык да экономиканын өсүшүнө түрткү болот деп билдиришет долбоордун авторлору. Ошондуктан каржы борбору тууралуу маалымат толук болушу шарт. Долбоор командасында чыныгы кесипкөй адистер топтолгон. Алар экономикалык билими бар журналисттер.

СЕРГЕЙ СЕЛИЩЕВ, ДОЛБООРДУН ПРОДЮСЕРИ:

 - Биз экономика багытында бир нече жылдар бою иштеп келе жатабыз. Ушуга кошо, бизге «Астана» эл аралык каржы борборундагылар да колдоо көрсөтүшүүдө. 15 программа барында хабдын жумушуна токтолобуз. Борбор толук жумушка киришкенден тарта, албетте, көрөрмандар, анын иштеринен кабардар боло алышат.

 «KazakhTV» каналындагы өзгөчө долбоор 4 тилде чыгарылат, 15 мүнөт бою журналисттер эл аралык каржы борбору тууралуу өзөктүү ары кызыктуу маалымат менен бөлүшүшөт.