«Kazakh TV» каналынын мүдүрү

«Kazakh TV» каналынын мүдүрү

Майя Бекбаева 1979- жылы бирдин айынын он экисинде Чыгыш Казакстан облусунун Семей шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепти артыкчылык менен аяктаган. Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинин «Эл аралык журналистика» факультетинде окуп, аны кызыл диплом менен ийгиликтүү аяктаган. 12 жашында «Пульс времени» гезитинде кабарчы болуп эмгек жолун баштаган. Телеге 2000-жылы журналист болуп келген Майя, Алматыдагы “Шахар” каналынын жаңылыктар бөлүмүндө алып баруучу болгон.  2005-жылы алматылык “Таң” каналында журналист, кийин шеф редакторлук ишти  аркалаган.  2009-жылы «Казакстан» ТРКсына жумушка орношот. Ал эми 2012-жылы «7 -Канал» жаматынын кызматкерлеринин катарына кошулат.  2016-жылы теле алып баруучу «Хабар» Агенттигинин телеканалдарында бир нече программаларды жүргүзө баштайт.

Ал эми, 2019-жылдын чын куран айында Майя «Kazakh TV» каналынын мүдүрү болуп дайындалган.

Майя Бекбаева үй-бүлөлүү, эки баласы бар.