Пандемия менен күрөштүн жаңы стратегиясы: COVID-19 саламаттыкты сактоо тармагына кандай таасир этти?

Казакстанда COVID-19 илдети менен жабыркагандардын саны азая баштаганы айтылууда. Дартка чалдыккандардын саны эки эсеге төмөндөп, 4 пайыздан 2,1 пайызга түштү. Илдеттен айыккандардын саны 60 пайыздан ашканын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүүдө. Мындай көрсөткүчтөр экинчи ирет карантин чаралары аркылуу жугуштуу оору менен күрөшүү ыкмаларын өзгөртүүнүн негизинде мүмкүн болду. Казакстандын өкмөтү коркунуч деңгээли толук кандуу бааланбай калганын моюнга алды. Коронавирустун жайылуусу тутумдук катачылыктарды ачыктап, улуттук саламаттыкты сактоонун кемчиликтерин көрсөтүп койду. Каатчылык өкмөттү медицинанын маанилүүлүгүнө көңүл буруу менен  коомдун бардык тармактарын камтый турган тутумдук  реформаларды кабыл алып, жүзөгө ашырууга мажбурлады.

Комментарии