Ааламдык соода-сатыкты кандай келечек күтөт?

Дүйнөлүк соода уюму 1995-жылы түзүлгөн. Ушул убактын ичинде өлкөлөр соода-сатык экономикалык өсүштүн эң маанилүү куралы экенине ынанышты. Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк Соода Уюмуна 164 өлкө мүчө. Дагы 22 мамлекет аталган уюмга кошулуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Акыркы жылдарда дүйнөлүк жалпыга маалымдоо куралдарынын көңүлү соода согуштарына байланып келе жатат. Ааламдык соода-сатыкты кандай келечек күтүп жатат? Бул тууралуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун коммуникация жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Ким Роквел кененирээк айтып берет.

Комментарии