Казакстан ядролук куралсыз аймак кызматташтыгын колдойт

Казакстандын ядролук куралга каршы демилгеси эл аралык деңгээлде колдоо табууда. Ядролук куралсыз аймактар арасындагы өз ара кызматташтыкты бекемдөө маселелери БУУнун Женевадагы кеңешинде талкууланды. Бул иш-чара аркылуу Эл башы Нурсултан Назарбаевдин ядролук куралсыз аймактардын катарына кирген өлкөлөрдүн жолугушуусун өткөрүү демилгеси ишке ашырылды. Казакстандын Женевадагы Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы туруктуу өкүлү Жанар Айтжанова жолугушуунун катышуучуларына ядролук куралсыздандыруунун  дүйнөлүк процесси жана таратпоо режимин сактоо боюнча баяндады. Ошондой эле мамлекет башчысынын маанилүү анти-ядролук демилгесине кошкон олуттуу салымы тууралуу кошумчалады.

ЖАНАР АЙТЖАНОВА, КАЗАКСТАНДЫН ШВЕЙЦАРИЯДАГЫ АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

Биздин Президентибиз ушул жылдын үчтүн айында Коопсуздук Кеңешинин жолугушуусунда бир нече куралсыздандыруу тууралуу сунуштарын айткан эле. Ушул сунуштарды жүзөгө ашыруу максатында жалган куран айында биздин мамлекетибиз ядролук куралга тыюу салуу тууралуу шартка кол койгон. Бүгүнкү жолугушуунун алкагында биз башка мамлекеттерди ушул шартка кол коюуга чакырдык.

ХАРАЛЬД MЮЛЛЕР, ФРАНКФУРТ ТЫНЧТЫК МАСЕЛЕЛЕРДИ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

– Казакстан - Борбордук Азиядагы эң ири мамлекет жана ядролук куралсыз аймакты курууда жетекчи ролду аткарат. Ошондой эле ШКУда маанилүү орунга ээ мамлекет. Ошол себептүү Казакстандын ядролук куралсыз аймак боюнча кызматташтыкты кеңейтүү демилгесин өтө кылдат уктум. Ушул иш аракеттин аркасында өлкө жогорку деңгээлге жетет деп ойлойм.