Казакстан БУУнун негизги органы болгон Коопсуздук Кенешинде Борбордук Азиянын кызыкчылыгын жактоонун ийгиликтүү мисалы болду. Республиканын Эл аралык уюмдун Коопсуздук Кеңешиндеги төрагалыгы убагында бардык аймактын өнүгүшү, Ооганстандагы туруктуулук жөнүндөгү маселелер көтөрүлгөн. Акыркысына өлкөнүн экономикалык мүмкүндүктөрүн күчтөнтүү аркылуу жетүүгө болот. Ошондуктан Казакстан дүйнөлүк коомчулукту Ооганстанды коркунуч катары эмес, экономикалык дарамети ачыла элек маанилүү жана келечектүү өнөктөш катары кароого чакырууда. Бул темага Казакстан тарабынан уюштурулган БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги министрлердин дебаттары да арналган. Мындай мамиле эл аралык аренада коомдук кызуу талкууну жаратканын чет элдик серепчилер белгилешүүдө.

МАТИАС ДОРНФЕЛЬД, САЯСАТ ТААНУУЧУ, ГЕРМАНИЯ:

– Казакстан Ооганстандагы туруктуулукка да чоң маани берет. 2010-жылы Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык Уюмуна төрагалык кылуу мезгилинде да Казакстан Ооганстан маселесин көтөрүп, ага каржылык жардам көрсөткөн. Казакстан эл аралык маселелер пайда болгондо бейпилдикти орнотуучу өлкө экенин көрсөттү. Буга Сирия тууралуу өткөн Астана сүйлөшүүлөрү далил боло алат.

Серепчилердин айтымында, Ооганстан маселеси медиатор мамлекет катары саналган Казакстан үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени бул өлкөнүн коопсуздугунан бүтүндөй Борбордук Азиянын туруктуулугу көз каранды экенин талдоочулар белгилешет. Дал ушул үчүн Казакстан Ооганстандын экономикалык өнүгүү маселесин эл аралык күн тартипте көтөрүүдө.

КАРИНЕ ГЕВОРКЯН, САЯСАТ ТААНУУЧУ /АРМЕНИЯ/:

 - БУУнун өкүлдөрүнүн алгачкы ирет Кабулга барышына Казакстан түрткү болгон. Бул да эл аралык өкүлдөрдүн жана Казакстандын эл аралык аренага кошкон чоң салымы. Казакстан Ооганстан маселесине кабатыр экенин иш жүзүндө билдирип, Кабулга сапар уюштурду.  

Борбордук Азиядагы бардык мамлекеттер Ооганстан маселесин биргелешип чечүүгө кызыктар экенин белгилеп кетүү керек. Республикалар Ооганстандын өнүгүшүнө айкын колдоо көрсөтүшүүдө. Мисалы, Казакстан ооган студенттерин окутууда, Өзбекстан болсо Ташкент менен Кабулдун ортосундагы байланышты жандандырды, Түркмөнстан оогандыктарга газ жеткирүүдө жана өлкөгө болгон темир жолун калыбына келтирди. Транзит-транспорттук, инфраструктуралык, соода-логистикалык жана энергия тармагындагы долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу жолу аркылуу Ооганстан менен болгон кызматташтыкты бекемдөөгө түрткү болоорун серепчилер белгилешет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии