Казакстандын сунуштаган долбоорлору ар дайым негиздүү жана актуалдуу. Серепчилер, БУУнун коопсуздук кеңешиндеги Республиканын төрагалыгынын ишмердүүлүгүнө жогору баа беришти. Бул боюнча Ата-мекендик жана чет өлкөлүк саясат таануучулар Астанада өткөн конференцияда билдиришти. Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун сырткы саясат боюнча серепчиси Жумабек Сарабековдун айтымында, Борбор Азиялык аймактарды өнүктүрүү боюнча сунушту күн тартибине киргизүү-Казакстан үчүн өтө маанилүү. Мындан сырткары Казакстан үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешине туруксуз мүчө болушу - эл аралык аренада өзүнүн аброюн дагы да көтөрүүгө өбөлгө түздү. Ошондой эле Казакстан БУУга мүчө болгон элдер менен глобалдуу маселелерди чечүү боюнча өз тажрыйбаларынан бөлүштү. Айта кетчү нерсе, Казакстандын төрагалыгынын астында БУУнун Коопсуздук кеңеши 30га жакын иш-чараларды өткөрдү.

ЖУМАБЕК САРАБЕКОВ, СЫРТКЫ САЯСАТ БОЮНЧА СЕРЕПЧИ ДҮЙНӨЛҮК САЯСАТ ЖАНА ЭКОНМИКА ИНСТИТУ:

 - Биз дүйнөлүк туруктуулук жана коопсуздук суроолору боюнча өзүбүздүн көз карашыбызды сунуштадык. Мамлекет башчыбыз өз сөзүндө күн тартибиндеги  эл аралык олуттуу маселелер боюнча өз сунуштары менен бөлүштү. Түндүк Корея маселеси да талкууланды. Жыйында дүйнөлүк державалар арасында стратегиялык диологду жандандыруунун маанилүүлүгү туралуу да сөз болду.

КАРИНЕ ГЕВОРКЯН, САЯСАТ ТААНУУЧУ /АРМЕНИЯ:

- Эл аралык аренада ар кандай көйгөйлүү маселелер боюнча Казакстан өтө олуттуу саясат жүргүзүп келет. Казакстан БУУ өкүлдөрүн алгач ирет Кабулга баруусуна зор салым кошту.  Бул нерсе да Казакстандын эл аралык аренада туруктуулукту күчөтүүгө кошкон чоң үлүшү.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии