«Улуу талаа өлкөсүнө саякат» соңуна чыкты

«Улуу талаа өлкөсүнө саякат» соңуна чыкты

17 миң чакырымдык сапар соңуна чыкты. Казакстандын аймактарын  кыдырган эң ири «Улуу Талаа өлкөсүнө саякат» экспедициясы аягына чыгып жатат. Саякатчылар, журналисттер, блогерлер, туризм тармагынын өкүлдөрү 3 айда өлкөнүн 11 облусунда болуп, ондогон табигый жайга, сейил бактар менен коруктарга барып кайтышты. Экспедиция теке айынын 18де башталып, аяк оонанын 29на чейин уланды. Сапар 6 туристтик кластерди камтыды. Анын башкы максаты – жаңы туристтик багыттарды ачып, ички туризм менен инфраструктураны өнүктүрүү. «Улуу талаа өлкөсүнө саякат» экспедициясынын катышуучулары бул жерлерди көп жолу көрсө да, сапар убагында туристтик жайларга жаңыча көз караш менен караганын айтышат.

КАНАТ САГЫНАЕВ, ЭКСПЕДИЦИЯ КАТЫШУУЧУСУ:

- Мени Сауран шаары таң калтырды. Ал жерде ушуга чейин да болгом. Бирок, сапар алкагында «National Geographic Traveler» фотографы абадан видео, сүрөткө тартты. Аны көргөн кезде шаардын кенендиги таң калтырды. Квадрокоптер жогору көтөрүлгөндө шаардын мурунку аймагын көрүүгө болот. Анын 5-6 эсе чоң болгонун көрөсүң. Ал эч кандай куралсыз көз менен караганда көрүнбөйт.

Экспедициянын катышуучулары менен «Казак туризм» өкүлдөрү эркин форматта жолугушуп, сапардан алган таасирлери менен бөлүшүштү. Экспедициянын фото, видео жазмалары алдыдагы убакытта өлкөдөгү туристтик объекттерди жарнамалоодо колдонулат. Ошондой эле сапар «Казак ТВ» каналынан эфирге чыга турган өлкөнүн кооз жерлерине арналган программалар топтомосу менен жыйынтыкталат.