Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VI съезди соңуна чыкты

Астанадагы Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VI съезди соңуна чыкты. Катышуучулар корутунду декларациясын кабыл алышты. Аталган документте дүйнөдө тынчтыкты орнотууда саясий жана диний лидерлердин ролунун маанилүүлүгү белгиленди.  Съезддин делегаттары дүйнөлүк коомчулукту күчөтүлгөн диалогго жана кызматташууга чакырышты. Алардын айтымында, биргелешкен аракеттердин артында гана заманбап чакырыктарга туруштук берип, диний тармактагы чырга бөгөт койсо болот.

САМИР СОМАЙЯ, ИНДОЛОГИЯ ЖАНА ДИНИЙ АРАЛЫК ДИАЛОГ ИНСТИТУТУНУН ТӨРАГАСЫ / ИНДИЯ:

- Бул абдан маанилүү документ. Бул бирдиктүү декларацияда биздин көз караштарыбыз орун алды. Биздин алдыдагы кадамдарыбыз аныкталды. Казакстан – тынчтык менен келишимдин жаркын үлгүсү. Өлкө ядролук куралдан баш тартты. Менин оюмча бул өтө маанилүү кадам. Сиздердин өлкө дүйнөдөгү бардык мамлекеттер менен жакшы карым-катнашта экенин билем.

Съезддеги эң көп талкууланган темалардын бири Өлкө башчысынын “Дүйнө. ХХI кылым” Манифести болду. Анда дүйнөдө жапырт жок кыла турган куралдардан баш тартуу белгиленген. Документте дүйнөдөгү туруктуулук менен коопсуздук сактоо стратегиясы бар, дешет жыйындын катышуучулары. Ушуга кошо алар ааламдашуу, терроризм менен экстремизмге каршы туруу, дүйнөнүн диний картасын өнүктүрүү тенденциясы тууралуу сөз козгошту.

ФЕЙСАЛ БЕН АБДУРАХМАН БЕН МУАММАР, АБДАЛЛА БЕН АБДЕЛЬ-АЗИЗ КОРОЛЬ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ДИНИЙ ЖАНА МАДАНИЙ ДИАЛОГ БОРБОРУНУН БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Съезд бүт дүйнө үчүн өтө маанилүү. Анткени ал ар түрдүү дин жана маданият өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Биргеликте дин аралык келишим орнотуунун тажрыйбасы менен жолдорун талкууладык. Ушул тараптан алганда Казакстан өтө өзгөчө өлкө. Анткени дин маселесине келгенде мамлекет башчысы тарабынан мыкты колдоо сезилет. Бул өтө маанилүү жагдай.

АЙДАР АБУОВ, МАДАНИЯТТАР МЕНЕН ДИНДЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Мамлекет башчысы заманбап байланыш, коммуникация, онлайн-конференция технологияларына негизделген долбоорлорду өнүктүрүүнү тапшырган. Ушунун баары киргизилиши керек. Азыркы тапта бул коммуникациялардын жардамы менен ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга болот. Мамлекет башчысы «Назарбаев борбору» жаңы дин аралык диалог борборун түзүү тууралуу айтты. Бул борбор диний долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенет.

Алтынчы съезд 46 өлкөнүн 80ден ашуун өкүлүнүн башын бириктирди. Иш-чарага саясат таануучулар, ислам, христиан, иудаизм, буддизм, индуизм, даосизм, зороастризм диний лидерлери менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Башкы максат – ушул тармактагы маселелерди талкуулап, бирдиктүү чечимге келүү. Ошондой эле форумда дүйнөлүк жана салттуу диндер съездинин 15 жылдыгына карата атайын марка чыгарылып, Тынчтык менен келишим музейи ачылды.