Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VI съезди

Чыр чатактарды чечүү жана согуштарды токтотуу саясий лидерлердин гана өзгөчө укугу болушу керек эмес. Диний чөйрөнүн өкүлдөрү да мындай жараяндарга катышуусу зарыл. Дал ушундай ой менен Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин катышуучусу жана “Диндер тынчтык үчүн” Дүйнөлүк конференциянын башкы катчысы Уильям Вендли бөлүштү. Анын айтымында, бардык мамлекетте, бардык аймакта эл аралык келишим жана диалогдук туруктуу инфраструктура болушу керек. Бул багытта Казакстан башка өлкөлөргө үлгү боло алат, дейт башкы катчы.

УИЛЬЯМ ВЕНДЛИ, “ДИНДЕР ТЫНЧТЫК ҮЧҮН” ДҮЙНӨЛҮК КОНФЕРЕНЦИЯНЫН БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Бүгүнкү күндө Астанада ар кайсы диндердин өкүлдөрү чогулуп, бири–бирин угуп, дүйнөлүк коркунучтарга каршы иш-аракеттерди түзүп, азыркы бейпил жашоого позитивдүү өзгөрүүлөрдү сунуштай турган ааламдык инфраструктура түзүлүп жатат.

Дагы бир конфессия аралык диалогду бекемдөөгө казакстандык Маданий жана диний эл аралык борбору менен былтыр Мальтада негизделген Толеранттуулук жана тынчтык Ааламдык Кеңеши эл аралык уюмун биргеликте кызматташуусу боюнча кол коюлган меморандуму салым кошот. Тарапташтар бирдиктүү илимий изилдөөлөрдү, талдамалык иштерди жүргүзүп, тынчтыкты орнотууга багытталган тажрыйбалары менен бөлүшүү көздөлүүдө.

АЙДАР АБУОВ, МАДАНИЙ ЖАНА ДИНИЙ ЭЛ АРАЛЫК БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Съезддин делегаттары, биздин коноктор Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съезди өтүп жаткан биздин казакстандык Маданий жана диний эл аралык борбору менен биргелике иштешүүгө, кызматташууга кызыктар.

АХМЕД МУХАММЕД АЛЬ-ДЖАРВАН, ТОЛЕРАНТТУУЛУК ЖАНА ТЫНЧТЫК ААЛАМДЫК КЕҢЕШИНИН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Кол коюлган меморандум толеранттуулук жана тынчтык эрежелерин бекемдөө боюнча иштешүүгө шарт түзөт. Биз Казакстандын өзүнүн толеранттуулук маданияты жана тынчтыгы менен таанылганын билебиз. Бүгүн биз бул нерсени сездик.