Казакстанда илимий долбоорлорду каржылоо жигердүү өсүп жатат

Илим - экономиканын кыймылдаткыч күчү. Казакстанда илимий долбоорлорду каржылоо жигердүү өсүп жатат. Артта калып жаткан тармакты жакшыртууда ата мекендик ишкерлердин үлүшү мол.  Мисалы, быйылкы жылы илимий фонд 12 жаңы долбоорду ишке ашырган. Азыркы тапта, инновациялык өндүрүштөрдөн түшкөн пайда 400 миллион теңге. Ушуга кошо, сенаторлор тармакка өлкө казынасынан бөлүнө турган каржы көлөмүн дагы да өстүрүү керектигин белгилешти. Мерчем, каржылоо көлөмүн ички дүң өнүмдөн 1 пайызга жеткирүү. Ал эми окумуштуулар коому «Илим тармагынын келечеги ишкерлердин колунда. Бизнесмендер жаңы долбоорлорго демилгечи болушу керек» деген ойлорун билдирип жатышат.

БАКЫТЖАН ЖУМАГУЛОВ, КР ПАРЛАМЕНТ СЕНАТЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

- Бүгүнкү күндө илим тармактык министрлик, ишканалар менен бизнестерден сунуштарды күтүп жатышат. Окумуштуулар суроо-талапка жооп бере тургандай долбоорлорду ишке ашырууга даяр. Казакстандык жалпы илим жана окумуштуулардын өлкөбүздө колдонууга киргизүүгө боло тургандай жумуштары аз эмес.