Альцгеймер бейтаптарына арналган тиркеме

Казакстандык окуучулар Альцгеймер оорусуна чалдыккан бейтаптардын дарылануусуна жардамчы курал ойлоп табышты. Жаш ойлоп табуучулардын долбоору - СИ-куэнс аттуу тиркеме. Бул жаңы түзмөк бейтапка дары–дармегин кабыл ала турган убакытта белги берип турат. Окуучулардын айтымында, мындай тиркеме бейтаптардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосун жеңилдетет.

ДИЛЬНАЗ КАМАЛОВА, ОКУУЧУ:

- Альцгеймер өтө тез өрчүй турган оору катары саналат. Ошондуктан бардык медикаменттерди кабыл алуу өтө маанилүү. Тиркеменин жардамы менен дары-дармектерди кабыл алуу убактысын так белгилеп койсо болот.

ДАНА ЕРЛАНОВА, ОКУУЧУ:

- Дары-дармекти кабыл алгандан кийин “кабыл алдым” деген баскычты басыш керек. Баскычты баскандан кийин менин телефонумдагы баскыч өчүп, маалымдама келет. Бул жеке эле альцгеймер оорусу менен эмес, башка да балдарга, кары адамдарга өтө жакшы. Ошондой эле медициналык долбоорлордо, ооруканаларда санариптештирүү үчүн колдонулат.