Казакстан менен Кытайдын Жибек жолундагы кызматташтыгы

Казакстан менен Кытайдын тарыхый байланышы жана саясий кызматташтыгы тууралуу баалуу мурастар топтолгон китеп жарыкка чыгат. Аны Ганьсу провинциясындагы   коомдук илимдер академиясынын адистери менен Казакстандагы Тунгуч Президент китепканасынын серепчилери биргеликте даярдашууда. Китепти жазуу алкагында колдонулган адабияттарды алдын ала изилдеген чыгармачылык жамаат ар бир маалыматтын тактыгын, котормонун сапатын башкы орунга койгон.

ЧЭНЬ ФУЖУН,     ГАНЬСУ ПРОВИНЦИЯСЫНЫН КООМДУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН ПАРТИЯЛЫК КОМИТЕТИНИН КАТЧЫСЫ / КЭР:

- Китеп «Казакстан менен Кытайдын достук карым-катнашынын тарыхы» деп аталат. Ал эки өлкөнүн тарыхы жана достук байланышы туурасында болот. Үчтүн айында кытай тилиндеги чыныгы нускасы аяктаган. Китеп 180 миң сөздөн турат. Азыркы тапта басып чыгаруу иши жүрүп жатат. Аяк оона айынын аягында окурманга тааныштырылат деп көздөп жатабыз.

Китеп 4 тилде жарык көрөт. Аны казак, кытай, англис жана орус тилдеринде окууга болот. Кытайча нускасынын алгачкы редакциясы бугу айында даяр болуп, миң даана басылган. Кытай китепти Дунхуань шаарында өтө турган Жибек жолунун үчүнчү эл аралык маданий көргөзмөсүндө тааныштырууну көздөп жатат.

МА ТИНСЮЙ, ГАНЬСУ ПРОВИНЦИЯСЫНЫН КООМДУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- «Бир кур – бир жол» демилгесинде Шэньси Жибек жолунун башталышы, Ганьсу алтын бөлүгү, Казакстан - жүрөгү деп караштырабыз. Ушул демилге алкагында Ганьсу провинциясынын башкы шаары – Ланьчжоу шаары Борбор, Түштүк жана Батыш Азия үчүн негизги индустриялык база, соода-логистикалык борбор боло алат.

Мындан 2 жыл мурун академия Жибек жолундагы өлкөлөр менен өнөктөштүк байланышты бекемдөөнү колго алган. Эми Борбор Азия өлкөлөрү менен биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүүнү көздөп жатат. Азыркы тапта тиешелүү келишимдерге кол коюлууда.