Туризмдин өнүгүүсү

Чыгыш салтынын батыш модернде жасалган уникалдуу симбиозу, байыркы архитектуралык эстеликтер жана футуристтик архитектура. Ушул жана башка көптөгөн нерселерди Казакстанда көрүүгө болот. Серепчилер акыркы убакытта өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө жогорку деңгээлде көңүл бурулуп жатканын белгилешет. Казакстанга Германия, Англия, Жапония, Корея, Кытай өлкөлөрүнөн туристтер көп келишет.

КАЙРАТ САДУАКАСОВ, «КАЗАК ТУРИЗМ» УК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бизге болжол менен 2,5 миллион турист келет. Алардын көбү Борбор Азия өлкөлөрүнөн саякаттап келишет. 2025-жылга чейин Казакстанга 7,7 миллион турист саякаттап келет деп ойлойбуз.

Чет өлкөлүк туристтерди Казакстандын кооз табияты менен бирге, бай тарыхый - археологиялык жана маданий мурасы да өзгөчө кызыктырат. Саякатчылардын көбү, айрыкча, Түркия, Малайзия, Индонезия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Түрк элинин руханий борбору Түркестан шаарын көрүүгө кызыгуу билдиришет. Бул жерде туристтик агымды жогорулатуу максатында улуу окумуштуунун кол жазмалары сакталган Кожа Ахмед Яссауинин музейин салуу көздөлүүдө. Аны менен бирге Түркестандагы эң байыркы конуштардын бири – Күлтөбе кайра жаңыртылат. Эскерте кетсек, Түркестан облусундагы бир нече эстеликтер жалпы дүйнөлүк маданий баалуулук катары таанылган.

ВЛАДИМИР ПИСКУРЕВ, ЕВРАЗИЯЛЫК  ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Бир шаардан үч объект – бул дүйнөлүк сенсация. Ичи тарыхка бай Түркестан аймагына бүткүл дүйнөдөн туристтер агылат деп ойлойбуз.

Аны менен бирге, аба аркылуу транзиттик туризмди өнүктүрүү көздөлүп жатат. Келечекте «Куала Лумпур - Түркестан - Самарканд» багыттары боюнча аба каттамын ишке кошуу планда бар. Жалпы, Түркестан шаары Улуу жибек жолунун жүрөгүндө орун алган. Буга шаардан 1000 чакырым радиуста жети мамлекеттин борборлору жайгашканы далил боло алат.