Казакстан: Туризмдин өнүгүүсү

Адамдарды суктандырган кооз жерлер Казакстанда арбын. Батышында Едилдин төмөнкү агымынын чыгышында Алтай тоолоруна чейин 3 миң чакырымга созулган кеңири талааны аз убакыттын ичинде кыдырып чыгуу оңой эмес. Жергиликтүү тургундардын өздөрү да кээ бир жерлерди көрүүгө жетишкен эмес. Ошондуктан ушул жылдын  алгачкы жарым жылдыгында 2 миллион казакстандык өлкө ичинде саякат жасашкан. Башкача айтканда, өсүш болжол менен 7 пайыз, дешет «Kazakh Tourism» компаниясынын өкүлдөрү. Суунун түсү эле көздүн жоосун алган Чоң Алматы көлү, дүйнөгө аты таанылган  Шарын капчыгайы, Көлсай, Есик көлү, Алакөл, Айгайкум сыяктуу саякатчыларды кызыктырган жерлер жетиштүү.

БЛИЦ:

- Алматыдагы Чоң Алматы көлүн көрүү үчүн келдик. Өзүбүздүн Чымкентте Акмешит, Сайрам, Леңгир деген керемет жерлер бар. Көкшетаудагы өзүбүздүн Бурабайды да кошо кетпесек болбос. Кооз жерлерди балдарыбызга көрсөтүүгө аракет кылабыз.

- Негизи биздин Казакстан өтө кооз өлкө, табияты мыкты. Жылына бир жолу Казакстандын кооз жерлерин кыдырып көрөбүз.

- Алматыдагы Чоң Алматы көлүнө биринчи жолу келип жатабыз. Алматыга жылына 1-2 жолу келебиз. Мүмкүнчүлүк болбой жатты эле. Ар бир адамга жеткиликтүү баа менен келүүгө болот.

Бул үңкүрдүн аты алыска таанымал. Чымкенттен 70-80 чакырым алыстыкта жайгашкан Акмешитти көрүү үчүн келгендердин саны жылдан – жылга көбөйүп жатат. Бийиктиги 25 метр болгон үңкүр акиташтын кабатында пайда болгон. Бул жерде бир сыр бар дешет жергиликтүү калк. Негизгиси, ал жагымсыз энергетикадан арылтат дегендер да бар. Ал сөз чындыкка жакын. Себеби, жан дүйнөсү менен ден соолугуна дабаа издеген туристтер ушул жакка ат тизгинин бурушат. Кээ бирлери болсо, тарыхый объекттерди көрүүгө кызыктар. Алар Отырар, Сауран шаарларына багыт алышат. Убагында тарыхчылар жети кабат мунаралуу дубал менен курчалган шаар деп жазган аймак ушул – Сауран шаарчасы. Орто кылымдагы мезгилди сезүү үчүн бул жерге келгендердин катары калың экени байкалат. Кээ бирлери өздөрү келсе, башкалары туристтик компаниялардын жардамын пайдаланышат.

 КАНАРБАЙ КАРКЫН, ТУРИСТТИК КОМПАНИЯНЫН ӨКҮЛҮ:

- Акыркы жылдары калкыбыз ички туризмди өнүктүрүүнү колго алып, айрыкча ЭКСПО өткөндөн кийин бизге жакынкы жана алыскы чет өлкөдөн келген туристтердин саны жылдан-жылга көбөйүп, өлкөбүздөгү саякаттоочу жерлер таанымал болуп жатат. Өлкөбүздүн кайсы жерине барышпасын тейлөө жагы, тамактануу жана жашай турган жерлер ар бирине жеткиликтүү.

Казакстандын кооз, ажайып жерлерин дүйнөгө таанытуу үчүн түрлүү программалар колго алынган. Мисалы, трансулуттук турлар тууралуу да кеңири талкууланууда. Түрк тилдүү мамлекеттер менен биргелешкен  турпакет даярдоо иши колго алынды. Ал 15 күндүк сапарды Түркиядан баштап, Азербайжан аркылуу Казакстанга өтүп, Кыргызстанда аяктоо көздөлөт. Ошондой эле, Борбор Азия өлкөлөрү менен да бул иш боюнча бирдиктүү иш-чаралар колго алынууда. Анын алкагында «Kazakh Tourism» компаниясынын уюштуруусу менен казакстандык журналисттер менен блогерлер да трансулуттук турга катышып, Өзбекстан менен Казакстандын кооз жерлерин аралашты. Маалыматтык турду уюштурууга Маданият жана спорт министрлиги колдоо көрсөткөн.