Улуттук гвардия жаңы учак менен толукталды

Улуттук гвардиянын авиациялык эскадрильясы жаңы учак менен толукталды. Астанада жаңы аба унаасын тааныштыруу иш-чарасы өттү. Аталган учак аскерлерди, курал – жарак менен техниканы ташууга арналган. Ага жалпы 20 тонна жүк жана 83 адам батат. Эгер толук жүктөө жүргүзүлсө анда 120 керектүү жабдыктар менен жабдылган аскерди батыра алат. Ошондой эле, аскерий издөө иш-чаралары жана чалгындоо иштери үчүн өтө ыңгайлуу. Анткени ал атайын конуу аянтын тандабайт. Топурактуу, кар баскан жерлерге конуп-уча алат. Ушуга кошо, аба ырайынын температурасы 50 градус суукта жана 50 градус ысыкта да кызматын улантат. Бул Казакстандын аба күчтөрүнүн Кытай Эл республикасынан сатып алган алгачкы аскерий учак. Борбор Азия аймагында альтернативасы жок уникалдуу аба объектисинин наркы 37 миллион долларга бааланды.

МУХТАР АЛТЫНБАЕВ, АРМИЯ ГЕНЕРАЛЫ:

- Учактын эксплуатациясы татаал эмес. Биздин учкучтарга бул тааныш эле. Бүгүнкү күндө ушундай учактан баштаганыбыз жөндүү деп ойлойм. Эми бул учак Казакстандын Улуттук гвардиясынын кызматында болуп, аскерлердин республикабыздын булуң-бурчуна жетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт.

КАЛМҰХАНБЕТ КАСЫМОВ, КР ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Тандоо ушул учакка түштү. Ал чыныгы сыноолордон өткөн, жакшыртылган, авионикасы да, жаңы технологиялар. Башкы максатыбыз – жеке курамды, курал-жарак жана техниканы ташуу. Бир учканда Казакстандын ар бир бурчуна жетүүгө болот. Биздин талаптарыбызга толук жооп берет.

Эскерте кетсек, Улуттук гвардиянын авиациялык эскадрильясы жакында Алматыдан Астанага которулган. Бул гвардиянын күчүн жана каражаттарын Казакстандын ар бир бурчуна кыска убакытта жеткирүүгө өбөлгө түзөт.