Казакстанда табигый таза өндүрүш өндүрүү

Казакстан органикалык азык-түлүк экспортун өнүктүрүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөдө 300 миң гектарга жакын жерде 70ке жакын ата мекендик компания таза органикалык товар өндүрөт. Көбүнчө буурчак, зыгыр, сулу, күн карама жана дарылык өсүмдүктөр өстүрүлөт. Органикалык өндүрүштүн бардыгы чет өлкөгө, айрыкча Европа өлкөлөрүнө ташылат. Кызыгы, ата мекендик компания өндүргөн органикалык өндүрүштү жыл сайын европалык сертификациядан Украина өткөрүп келет. Ушул багытта Киевде «Казакстан жана Украина: Organic Foods» конференциясы уюштурулду. Эл аралык жыйынга Казакстандын Алматы, Акмола жана Түндүк Казакстан аймактарынан келген органикалык өндүрүш өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү катышты.

АРСЕН КЕРИМБЕКОВ, «КОМПЕТЕНЦИЯ БОРБОРУ» ЖЧШ МҮДҮРҮ:

- Украина сертификатын Евробиримдик өлкөлөрү тастыктаган. Бизге украин тили жана дили, ошондой эле, адистери жакын. Эгин талааларында айыл чарбачылыгын өндүрүүчүлөр бири-бирин жакшы түшүнүшөт. Ошол себептүү Украина Европага экспорттоого көптөгөн сертификаттарды бөлүп жатат.

Украинада органикалык өндүрүшкө болгон талап тууралуу мыйзам иштеп келет. Ушуга окшош мыйзам Казакстанда да кабыл алынган. Украина табигый таза өндүрүштү стандарттоо жана сертификациялоо ишин да жолго салган, органикалык өнүмдү жана өндүрүштү илим менен байланыштыруу, техникалык жабдыктоо иши да бул өлкөдө жогорку деңгээле өздөштүрүлгөн. Башкы максат – Украина аркылуу Германия, Швейцария сыяктуу европа рыногун багындырып, казак органик фуд өндүрүшүн дүйнө элдерине кеңири тааныштыруу.