Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү Европада тааныштырылды

Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү Европада тааныштырылды

Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү Европада тааныштырылды. Парижде «TOP RESA-2018» аттуу эл аралык туристтер көргөзмөсү ачылды. Дүйнө өлкөлөрү сунуштаган стэнддердин арасында казакстандык павильон да өз кооздугу менен өзгөчөлөнүп турду. Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү 230 өлкөдөн келген туризм тармагынын адистерин жана элдердин өзгөчө кызыгуусун жаратты. Алар өлкөнүн бай маданияты менен тарыхы, көздүн жоосун алган табияты менен таанышып, улуттук тамактарынан ооз тийишти. Элдик бийинин көркөмдүүлүгүнө таң калышып, домбранын үнүнө кулак төшөштү. Баатырлар менен аркан тартышып, күчтөрүн да сынап көрүштү.

МЕЙРАМГҮЛ БАЛГОЖИНА, КАЗАКСТАНДЫК ТУРИСТТИК КОМПАНИЯНЫН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Француздар биздин өлкөгө абдан кызыгышты. Алар Казакстанга кандай жетсе болот, виза керекпи же жокпу деген суроолорду көп беришти. Биз аларга Казакстан аймагында 30 күнгө чейин визасыз саякаттаса болорун айттык. Ошондой эле, эки өлкө ортосунда түз аба каттамдары бар экендигин кошумчаладык. Бул маалыматтар чет өлкөлүктөрдү кубантпай койгон жок. Биздин оюбуз боюнча, ушундай иш-чаралар өлкөбүздүн туристтик тартымдуулугун арттырууга оң таасир берет.

ДЕЛЬФИНА АТТИАС, КӨРГӨЗМӨНҮН КАТЫШУУЧУСУ:

- Казакстандын стенди абдан сонун кооздолуптур. Өлкөңүздөрдүн бардык сулуулуктарын, табияттын кооздугун чагылдырып жатат. Мен жакында Казакстанга барып келдим. Алматыдан Актауга чейин саякаттадым. Шарын капчыгайы менен Түркестанда болдум. Улуттук сейил бакта атка миндим, Маңгыстау чөлүндөгү белгилүү Бекет-Ата жер алдындагы мечитине да бардым. Казакстандын аймагы абдан чоң, ошондуктан бардык жерин көрүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Жакынкы арада Казакстандын түндүгүнө саякаттоо планым бар.

Аталган долбоорго Казакстандын Франциядагы элчилиги колдоо көрсөттү. Маанилүү иш-чара Париждеги ЭКСПО борборунда ушуну менен 40-жолу өткөрүлүп жатат. Быйыл көргөзмөгө 2 миңден ашуун туристтик компания өкүлдөрү катышты.

ЖАН ГАЛИЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ФРАНЦИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Быйыл Казакстан жана Франциянын ортосунда стратегиялык шериктештик орногонуна 10 жыл болду. Ушуга байланыштуу ар түрдүү маданий жана спорттук иш-чараларды камтыган «Франциядагы Казакстан күзү» долбоорун уюштурдук. Ушул долбоордун алкагында туризмди өнүктүрүүгө арналган ушул көргөзмөгө катышып жатабыз. Бул Франция жана бүт Европа элдеринин өлкөбүзгө кызыгуусу артарына ишенебиз.

ФРЕДЕРИК ЛОРЭН, «ТОР RESА-2018» КӨРГӨЗМӨСҮНҮН ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Биздин көргөзмөнүн мааракелик 40 жылдыгында дал ушундай өтө көрктүү туристтик багытты ачууга кызыгып жатам.

Адистердин айтымында, мындай иш-чаралар чет өлкөлүк туристтердин Казакстанга кызыгуусун арттырууга мүмкүнчүлүк берет. Азыркы тапта Казакстанда эко жана этнотуризм менен ишкердик жана гастрономиялык туризм сыяктуу багыттар да жигердүү өнүгүүдө. Ошондой эле, серепчилердин айтымында, бул тармакты өнүктүрүүгө керектүү инфраструктура калыптанып, кызмат көрсөтүү деңгээли да жогорулап жатат.