«Улуу талаа элине саякат» экспедициясынын аяктоосу

Көздүн жоосун алган, өзгөчө жана дем берүүчү. Казакстандын табияты «Улуу талаа элине саякат» экспедициясынын мүчөлөрүн таң калтырды. Эскерте кетсек, долбоор жалпы туристтик кластердин 6 маршрутун жана 11 облусту өзүнө камтыды. Аталган жолдун баарын алар 2,5 айда басып өтүштү. Ири масштабдуу долбоордун корутундусу “Жаңы Жибек жолу” экспедициясы болду. Бул экспедициянын алкагында журналисттер, туроператорлордун өкүлдөрү, чет өлкөлүк жана казакстандык трэвел-блогерлер, «National Geographic Орусия» командасы Жамбыл, Алматы жана Түркестан облустарында болуп кайтышты. Бул жерде экспедициянын мүчөлөрү тарыхый-маданий объекттердин мурастары менен тааныша алышты. Бул жеке эле Тараз, Аксу – Жабаглин коругу, Сайрам – Угам мамлекеттик улуттук сейил багы эмес, Арыстан-баб жана Кожа Ахмет Яссауинин күмбөздөрү, ошондой эле Сауран жана Отырар шаарчалары.

АРЫСТАНБЕК МУХАМЕДИ УУЛУКР МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРИ:

- «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында биз Казакстандын касиеттүү жерлерин бүткүл дүйнөгө тааныштырышыбыз керек. Экспедиция абдан кызыктуу. Бул ири долбоордун уландысы болот деп үмүттөнөм. Эмнеге? Анткени Казакстандын кооз жайлары арбын жана табияты кооз. Биз аларды бүт дүйнөгө даңазалашыбыз керек. Бул биздин негизги максат жана бул максатка жетишибиз керек.

Белгилей кетсек, экспедициянын корутундусу боюнча Kazakh TV телеканалында республиканын ажайып кооз жерлерине арналган берүүлөр чыгат.