Петропавлда гимнасттардын костюмун тигүүчү чеберкана ачылды

Петропавлда гимнасттарга арналган костюмдарды тиге турган эксклюзивдүү чеберкана ачылды. Жергиликтүү ишкер Динара Өмурзакова спортчулардын кийимине улуттук  оймо-чиймелерди кошуп тигүүдө. Ал ушул аркылуу бардык дүйнө таанып-биле турган казакстандык брендди түзүүнү кыялданат.

ДИНАРА ӨМҮРЗАКОВА, ИШКЕР:

- Мен ар бир гимнасттын өлкө атын аброю менен көтөрүп жүрүшүн каалайм. Спортчуларыбыз кайда жүрсө да «Казакстанда жасалган» деген бренд кийими менен сыймыктанышса экен деп тилейм. Ал да маанилүү. Ушинтип биз спортчуларыбызга колдоо көрсөтөбүз.

Бул жердеги бардык кийимдер автордук, тигилип, кооздолот. Бир спорттук кийимге эле 2 миңге чейин жалтырак таш чапталат. Кийимдин бул түрүнө болгон суроо-талап жогору. Ушул убакытка чейин чеберканада 50 чактуу костюм тигилип, сатыкка чыгарылган.

ИСЛАНА КАЗБЕК, ГИМНАСТ:

- Мага бул костюм абдан жагат. Себеби, андагы таштар күнгө чагылышып, жаркырап турат.

Бир гана Петропавлда көркөм гимнастика менен төрт жүздөй кыз алектенет. Буга чейин алардын ата-энелери спорт кийимин чет өлкөдөн буйрутма аркылуу сатып алышчу. Өнөр менен кийген кийим бири-бири менен төп келиши керек, дешет машыктыруучулар.

АННА ТЮМЕНОВА, КӨРКӨМ ГИМНАСТИКА БОЮНЧА МАШЫКТЫРУУЧУ:

- Мелдештерде гимнасттын чачына, кийим үлгүсүнө көп маани берилет. Кыз бала дайыма сулуулукка ашык эмпеспи. Ошондуктан сырткы көрүнүшү анын жан дүйнөсүнө ишеним орнотот.

Петропавлдык тигүүчүлөрдүн колунан чыккан спорттук кийимдерге болгон суроо-талап өтө жогору. Эми ишкер ишмердүүлүктүн аймагын кеңейтип, чет өлкөдөн тапшырык алууну көздөп жатат.