Казакстандык дарыгерлер ооруну дарылоонун жаңы ыкмасын табышты

Казакстандык дарыгерлер дартты дарылоонун жаңы ыкмасын табышты. Нерв системасындагы дартка шыпаа боло турган дарылоонун бул ыкмасын жогорку даражадагы дарыгер Мурат Сыздыков менен алматылык кесиптеши Дмитрий Пархачев 20 жыл изилдеген. Ата мекендик адистер Батыш жана казак медицинасынын эң мыкты, таасирдүү дарылоо ыкмаларын бириктирди. Бул остеопатия, рефлекс терапиясы, массаж жана башка. Бирок, анын негизи казак медицинасынан алынган.

МУРАТ СЫЗДЫКОВ, РЕФЛЕКСТҮҮ ТЕРАПИЯНЫН ЖОГОРКУ КАТЕГОРИЯЛУУ ДАРЫГЕРИ:

- Биз өзүбүздүн сыныкчылык, бакшылык сыяктуу салттык медицинабызга кайрылдык. Аялдарды тургузуп  төрөтүү ыкмасын сынап көрдүк. Мында наристенин моюнуна зыян келүү 70 пайызга азаят. Андан кийин баланы бешикке бөлөө салтын изиледедик. Баланы бекем бөлөгөн кезде гормондук өсүш туруктуу болуп, нерв системасы калыптанат. Ал эми 3-4 жашында баланы атка миндирүү да оң таасир берет. Ошондуктан ата-бабаларыбыздын байыркы салтын кайра жаңыртып, тажрыйбаларын эффективдүү пайдалануу кеңешин берем.

Дарылоонун жаңы ыкмасын жергиликтүү элден башка жакынкы жана алыскы чет өлкөлүктөр да таанышкан. Мындай адистерге Орусия, Италия, Германия, Швеция, Израиль жана Австриядан бейтаптар көп келишет. Дарылоонун бул ыкмасын Ерболат Тналин да өздөштүргөн. Анын айтымында, витологиянын адамдын физикалык саламаттыгы менен кошо, психологиянын жакшыруусуна да таасир берет.

ЕРБОЛАТ ТНАЛИН, ВИТОЛОГ:

- Бейтаптардын арасында жаштар да, таяк таянган карылар да бар. Дарылоонун өзгөчөлүгү, ар бир ооруну алдын алат. Бир жериңиз ооруса эртерээк келип, дарыланып, жайбаракат өмүр сүрсөңүз болот. Бейтаптардын баарына күн сайын колдоно турган ыкмаларды үйрөтөбүз.

Белгилей кетсек, ата мекендик дарыгерлердин илимий иштеп чыгуусу расмий түрдө катталып, аларга автордук укук берилди.