Түркестандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү

Архитектурасы өзгөчө, тарыхы терең Түркестандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү күн санап өсүп келе жатат. Айрыкча, аймакка алыс-жакын чет өлкөдөн келгендердин катары калың. Быйылкы жылдын 8 айында облуска келген 900 миңге жакын туристтин 32 миңи чет өлкөлүк саякатчылар. Аларды көбүнчө жети кылымдык тарыхы бар Кожа Ахмет Ясауи комплексинин архитектуралык өзгөчөлүгү өзүнө тартат. Туристтер байыркы жайга сапарларынан көңүл эргиткен, унутулгус таасир алгандарын айтышат.

НАДИЯ БЕРДТ, ТУРИСТ / УЛУУ БИРТАНИЯ:

- Казакстандын бай маданияты жана терең тарыхы тууралуу жаңылыктардан уктум. Жаңылыктан кийин мени бул жердеги элдин өмүр сүрүү салты абдан кызыктырды. Азыр эле Кожа Ахмет Ясауи комплексинде болдум. Казак калкынын көчмөн жашоосу жана өткөн тарыхынын бир мезгилин көргөндөй таасир алдым.

Быйыл Түркестан облусуна 2 миллионго жакын турист келет деп күтүлүүдө. Аны менен катар, тейлөө кызматтарын көрсөткөн коомдук-маданий объекттер да пайда болот.

ГҮЛЖАМАЛ ДАХАНОВА, ШААР АКИМДИГИНИН ИШКЕРДИК ЖАНА ТУРИЗМ БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Быйылкы жылдын 8 айында туристтер агымынын эсебинен облус бюджетине 3 миллиард 730 миллион теңге түшкөн. Шаарыбызда чакан жана орто бизнестин өнүгүү жигердүүлүгү өсө баштады. Айрыкча туристтерге кызмат көрсөтүү багытында иштеген ишкерлердин саны өсүп жатат.

Туризм тармагын системалап, көрсөтүлө турган кызматтардын сапатын арттыруу үчүн бир катар заманбап үлгүдөгү долбоорлору ишке ашыруу көздөлгөн. Ошондой эле, шаарда жаңы аба майдан, темир жол бекети жана авто бекеттер салынат. Ташкент – Түркестан багытында каттай турган жогорку ылдамдыктагы поезд жана автобус багытын ачуу көздөлүп жатат.