Казакстандык делегация InnoTrans көргөзмөсүндө

Өзү жүргөн трамвайдан эки кабаттуу эффективдүү поезддерге чейин. Темир жол унааларынын бардык түрлөрү Германиядагы InnoTrans эл аралык көргөзмөсүндө көрсөтүлдү. Быйылкы инновация – рельс менен жогорку ылдамдыкта жүргөн унаа. 6 адамга ылайыкталган модель саатына 500 чакырымга чейин жетүүгө жөндөмдүү. Катышуучулардын арасында казакстандык өндүрүүчүлөр да бар. Мисалы, Актөбө рельс-устун заводунун өкүлдөрү Берлиндеги келишимдердин натыйжасында жергиликтүү ишкерлер менен өнөктөштүктү көздөп жатат.

ВАЛЕРИЙ ОБИЛЕЦ, «АКТӨБӨ РЕЛЬС-УСТУН ЗАВОДУ» ЖЧК БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- InnoTrans көргөзмөсүндө биз чыгара турган рельске болгон кызыгуу жогору. Чет өлкөлүк кесиптештер Казакстанда инновациялык технологиянын жигердүү өнүгүп жатканына таң калышканын жашырышкан жок. Мисалы, Эстония, Франция, Польша, Литва, Финляндия жана Латвия өлкөлөрүнөн өндүрүшүбүзгө болгон жогор у суроо-талап байкалды.

Аны менен катар, Берлинде унаа жана логистика тармагындагы компаниялар башчыларынын тегерек столу өттү. Немис ишкерлери Казакстанда транзиттик ташуулардын өнүгүп жатканын белгилешти. Мисалы, Кытайдан Европага ташыла турган жүктөрдүн убакыты Казакстандын аркасы менен алгылыктуу кыскарат.

УВЕ ЛОЙШНЕР, «DEUTSCHE BAHN» ЕВРАЗИЯДА ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРЕЗИДЕНТИНИН АГА ОРУН БАСАРЫ:

- Ушул жолугушуу – кызматташтыгыбызды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Казакстан - акыркы 10 жылда мүмкүнчүлүгү эбегейсиз өскөн өтө маанилүү транзиттик мамлекет. Биз Европа менен Кытай ортосундагы контейнердик ташуу боюнча өнөктөшпүз.

Белгилей кетсек, бул жылы темир жол көргөзмөсү рекорддук сандагы көрүүчүнү чогултту. Иш-чара өткөн төрт күн ичинде уюштуруучулар 150 өлкөдөн келген 160 миңден ашуун катышуучу каттаган.