Алматыда Борбор Азиядагы мунай жана газ тармагына арналган «KIOGE 2018» көргөзмөсү башталды

Алматыда Борбор Азиядагы мунай жана газ тармагына арналган «KIOGE 2018» көргөзмөсү өз ишин баштады. Ири иш-чарага быйыл 15 өлкөдөн 250 компания катышууда. Бул жерге келген эл дүйнөдөгү мунай-газ тармагынын алдыңкы технологиялары менен инновацияларды көрүүгө кызыктар. Анткени, чейрек кылымдан бери өткөрүлүп келе жаткан «KIOGE  2018»   көргөзмөсү ушул тармактагы өзөктүү маселелерди талкуулай турган маанилүү аянт катары саналат.

АЛЕКСАНДР ЯКОВЛЕВ, ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ СООДА ӨКҮЛҮ:

- Орусиялык ишкерлер үчүн Казакстанда ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Сиздерде чет өлкөлүк компаниялар үчүн жагымдуу инвестициялык климат калыптанган. Көргөзмөдө Орусиядан келген 100дөн ашуун компания мунай тармагындагы мыкты изденүүлөрүн сунуштады.

Көргөзмө алкагында өткөн конференцияда ата мекендик серепчилер «Теңиз» менен «Карашыганак» сыяктуу ири кен жайларына инновациялык технологияларды киргизүүнүн экономикалык таасири тууралуу баяндап берди. Ошондой эле, «Акылдуу кен жай» аттуу казакстандык ноу-хауны тааныштырды.

КУРМАНГАЗЫ ИСКАЗИЕВ, «КАЗМУНАЙГАЗ» УК АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Казмунайгазда колдонула турган интеллектуалдуу кен жайынын өзгөчөлүгү – ал болгону технологиялык ыкма эмес. Ал мунайды эсепке алууну автоматташтырууга мүмкүнчүлүк берет жана ал логистикалык модель менен координацияланды. Ал бул кен жайларды жана өндүрүштү ушул убакытта башкарууга мүмкүнчүлүк берет.

Дагы эки күнгө улана турган көргөзмөнүн ишкердик программасынын алкагында «В2В» форматындагы сүйлөшүүлөр, маанилүү жолугушуулар жана бет ачарлар өтүп, мунай тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар келишимдерге кол коюлууда.