«Astana Media Week» Казакстанда старт алды

Бобор Азиядагы эң ири медиа  окуялардын бири болгон «Astana Media Week» Казакстанда старт алды. Диалогтук аянтча ушуну менен 2-жолу аймактык, республикалык жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын, ошондой эле пресс-кызматтардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн чогултту.

ДАУРЕН АБАЕВ, КР МААЛЫМАТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРИ:

- Башкы максаты – ата мекендик медиа рынокту ар тараптан өнүктүрүү гана эмес, маданий жана маалыматтык байланыштарды да тереңдетүү. Байланыш бекем мамлекеттин коргонуусу да кубаттуу. Жылдан –жылга ушул жумалык катышууга кызыккан билдирген өлкөлөрдүн саны өсүп келе жатканы сиздер жана биздин жалпы жумуштарыбыздын натыйжасы деп ишенем. Ошондуктан да бул жумалыктын катышуучулар үчүн алдыңкы тажрыйбалары менен таанышып, пикир аламшып, чыгармалчылык чеберчиликтерин чыңдоого, жаңы теxнологияларды өлкө ийгилигине жаратууга берилген мыкты мүмкүнчүлүк.

Форумда өз континентин «Хабар» Агенттиги да сунуштады. 20 жылдан ашуун убакыттын ичинде медиа-холдинг дүйнөнүн ири теле-радио корпорациялары менен тыгыз кызматташтыкты орноткон.

САНДУГАШ РАХИМЖАНОВА, KAZAKH TV КАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Алебтте, маалыматтардын атынан кууп жатканда, маалымат алмашуу суроолору пайда болот. Биз бул жерде стратегиялык кадам таштайбыз. Себеби биз бул жерде биздин өнөктөштөрүбүзгө да кызыктуу болгон материалдарды сунуштайбыз. Бул материалдар биздин өлкөдө өтүп жаткан эл аралык окуялар тууралуу. Биздин өнөктөштөр бул эксклюзивдүү маалыматтарды ала алат. Ушундай ири окуялар тууралуу маалымат алмашуулардын бири Өлкө башчысынын БУУда сүйлөгөн сөзү. Бул маалыматты биз өнөктөштөрүбүзгө бергенбиз. Ал бүт дүйнөдө көрсөтүлгөн.

«Astana Media Week» форумунун алкагында Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринчи жетекчилери менен  тет-а-тет форматындагы жолугушуулар өтөт. Тарапташтар медиа-өндүрүштүн келечеги тууралуу талкуулашат. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында диалог жана сүйлөшүүлөр, аянттардагы жолугушуулар тармактык кызматкерлерине жаңы байланыштар, ар түрдүү форматтагы эффективдүү карым-катнаштарды орнотууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан башка, чеберчиилик дарстар, медиа рыноктун бүгүнкү өнүгүүсүнүн эң өзөктүү маселелери талкууланата турган диспут сессиялары уюштурулат. Аны менен катар, улуттук жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма рыногунун өнүгүү маселелери, замандын талабына байланыштуу пайда боло турган кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Форум өзөктүү маселелер боюнча,анын ичинде, санариптик маркетинг куралдары тууралуу эл аралык деңгээлдеги спикерлер сөз сүйлөшөт.