«Улуу Талаа Өлкөсүнө саякат»: «Жаңы Жибек жолу» багыты боюнча Тараз шаарына келди

«Улуу Талаа Өлкөсүнө саякат»: «Жаңы Жибек жолу» багыты боюнча Тараз шаарына келди

«Улуу Талаа Өлкөсүнө саякат» долбоорунун экспедициясы «Жаңы Жибек жолу» багыты боюнча Тараз шаарына келди. Саякатчы топ тур операторлордун өкүлдөрү менен чет өлкөлүк жана казакстандык тревел-блогерлерден түзүлгөн. Экспедиция мүчөлөрү Түркестан, Жамбыл, Алматы облустарындагы тарыхый маанилүү объекттерди 13 күндө кыдырып чыгышат. Экспедициянын максаты – табигый, тарыхый, ыйык жайларды изилдеп, туристтерди тартууга таасир берүү. Тараздын көрүнүктүү жерлерин көрүп чыккандан кийин экспедиция курамы Жамбыл жана Түркестан облустарынын  аймагында жайгашкан Борбор Азия менен Казакстандагы эң эски коруктардын бири Аксу-Жабаглыга багыт алды.

НУРЖАН АЛГАШЕВ, «ЖАҢЫ ЖИБЕК ЖОЛУ” ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- План боюнча 20дан ашуун объектини карайбыз, биз 7 күн бою Алматы облусун кыдырдык, Жамбыл облусуна келдик. Негизи Мерке шаарына кечээ келгенбиз. Жамбыл облусунда Акыртас шаарчасын көрдүк. Байыркы Тараз, андан кийин Айша-Биби менен Карахан күмбөздөрүн көрөбүз.

Долбоор алкагында Казакстандын табигый объекттери боюнча жаңы туристтик багыттар түзүлүп, азыркы кырдаалдар тууралуу маалыматтар менен атайын жол көрсөткүч даярдалат. Ал эми «KazakhTV» телеканалында саякат учурундагы видеолор көрсөтүлөт.