Казакстанда жаңы “Жети жалын” аттуу долбоор башталды

Казакстанда жаңы “Жети жалын” аттуу долбоор башталды

Казакстанда жаңы “Жети жалын” аттуу долбоор башталды. Уюштуруучулар өлкөдөгү эң мыкты жана жигердүү 7 жашты табууну көздөшүүдө. Аталган сынакка 18-29 жаштардагы казакстандыктар катыша алат. Алар  өзүн-өзү өстүрүүдөн сырткары, өз өлкөсүнүн, шаарынын  өнүгүшүнө салым кошо билиши керек. Жеңүүчүлөр “Казакстандын 100 жаңы ысымы” долбооруна сунушталып, жаштардын жүзү боло алышат.

ТОКТАР БОЛЫСОВ, КАЗАКСТАН ЖАШТАР КОНГРЕCСИНИН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Биз жалындаган жаштарды көргүбүз келет. Өмүрдө белгилүү бир ийгиликтерге жетишкен чыныгы мекенчил жаштарды аныктоо – башкы максат. Аларды башкаларга үлгү кылгыбыз келет.