Астанада алгачкы жолу Евразиялык адабий форум өттү

Чет өлкөлүк калемгерлер Казакстанга агылды. Астанада алгачкы жолу Евразиялык адабий форум өттү. «Руханий жаңыруу» программасы алкагында «Азыркы заманбап сөз энергиясы» деп аталган эл аралык иш-чарага Казакстандын абройлуу акын-жазуучулары менен бирге континенттин булуң-бурчунан келген дүйнөгө белгилүү сөз чеберлери катышты. Жолугушууда заманбап дүйнө адабиятынын өнүгүү жараяны, жаңы сүрөттөр жана көтөрүлгөн акыркы темалардын кубаты, маани-маңызы талкууланды. Бул аалам көчүнөн жалындуу сөздөн кеп курган ата мекендик жазуучулар калбашыбыз керек, дешет.

САУЛЕ ДОСЖАН, ЖАЗУУЧУ, КР ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Ар дайым жолду бузган, рельстен чыккан нерселер гана адамдарды чочулатат, коомго өнүгүү алып келет. Ошондуктан биз изденишибиз керек. Жанагы айтылган мистикага барышыбыз керек. Жалпы заман азыр тез өнүгүп келе жаткандыктан учурдагы романдардын көлөмү кичирейип калды. Бардык нерсени кичинекей гана бир кутудай нерсеге батырып жибере тургандай кылып жакшы ой айта билишибиз керек.

«Толкунду толкун кууйт» деп Магжан Жумабаев айтып кеткендей, улуу муун өкүлдөрүнүн кийинки орун басарлары эмнени мурас кылышат? Жалпы проза, поэзия, драматургиянын бүгүнкү күңгөй-тескейи жана котормо ишинин ал-акыбалы жолугушуунун өзөгүнө айланды. Казак эли ыр берметке өтө бай. Түгөнкүс казынаны дүйнө эли билүүсү керек. Жыйында казак адабиятын башка тилдерге которуу маселелери да козголду.

НИЗОМ КОСИМ, АКЫН, ТАЖИКСТАН ЖАЗУУЧУЛАР БИРИМДИГИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Тажикстанда казак адабияты көп которулат. Сиздердин Жамбыл, Абай, Мухтар Ауезов, Габиден Мустафинден баштап кийинки толкундун чыгармалары тажикстандыктарга жакшы тааныш. Айрыкча Олжас Сүлейменов жана Мухтар Шахановдун чыгармалары окурмандарыбыздын арасында чоң суроо-талапка ээ. Ошондуктан алардын эмгектери тез-тез которулуп турат. Азыркы тапта Улукбек Есдаулеттин ырлар жыйнагын тажик тилинде басып чыгарууга даярдап жатабыз.

Белгилей кетсек, дал ушундай форум 1973-жылы Алматыда өткөн. Эми арадан 45 жыл өтүп, Астанада уюштурулуп жатат. Эки күнгө созулган жыйын адабияттын интеллектуалдык фондун чогултуп, тажрыйба бөлүшүп, маданий байланыш орното турган эл аралык пикир талашуу аянтына айланды.