Каспий жээктеринде «Деңизден деңизге чейин» экспедициясы аяктады

Каспий жээктеринде «Деңизден деңизге чейин» экспедициясы аяктады. Бул иш-чара «Улуу талаа өлкөсүнө саякат» долбоорунун алкагында уюштурулган. 4 миңге жакын аралыкты артта калтырган саякатчылардын алган таасирлери өтө сонун. 3 облустун аймагынан топтолгон материалдар да жетиштүү. «Деңизден деңизге чейин» экспедициясы Казакстандын болгон кереметин көрсөттү. Анын ичинде Маңгыстау чөлкөмү өзгөчөлөнүп турат.

КОНСТАНТИН КИКВИДЗЕ, ФОТОГРАФ:

- Мен башка планетада болгондой таасир алдым. Мен ушуну менен Маңгыстауга 7 же 8-жолу келип жатам. Келген сайын бул жердин кереметтери бүтчүдөй эмес. Себеби, пейзажы космостук. Мындай ландшафт эч жерде жок.

Астананын 20 жылдыгына карай уюштурулган экспедиция аяк оона айынын онунда Алматыдан башталган. Максаты – туристтик багыттарды жакшыртып, табигый жана тарыхый жайларды аныктоо.

ДАУРЕН РАПТАЕВ, ЭКСПЕДИЦИЯ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биз Актауга чейин 4 миң чакырымды басып өттүк. Экспедициябыз «Деңизден деңизге чейин» деп аталган соң, Арал деңизине багыт алдык. Биз бир катар маанилүү жайларга бардык. Белгилеп айтканда, Түзбайыр, Бозжыра.

14 күн бою атактуу блогерлер, чет өлкөлүк журналисттер менен фотографтар Кызылордо, Актөбө жана Маңгыстау облустарын басып өтүштү. Экспедиция натыйжасында жаңы туристтик багыттар такталып, Казакстандын табигый объектеринин фото жана видеолору чогултулат жана жол багыттагычтар даярдалат. Экспедициянын корутундусу боюнча, «Kazakh TV» телеканалында Казакстандын туристтик объекттерине арналган видеороликтер көрсөтүлөт.