«Жаңы Жибек жолу» экспедициясынын саякаты

«Жаңы Жибек жолу» экспедициясынын саякаты

Байыркы кербендердин изи менен. Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө багытталган «Улуу Талаа өлкөсүнө саякат» долбоорунун алкагында таанып-билүүчүлүк сапарлардын акыркы багыты «Жаңы Жибек жолу» болот. Бул жолу да саякат мүчөлөрү тажрыйбалуу саякатчылар, казакстандык, чет өлкөлүк тилчилер жана туристтик операторлордун өкүлдөрүнөн куралган. Алардын катарында Көлсай, Кайыңды, Шарын тарбигый паркы, Актау тоосу менен  Чокон Валиханов булагы, Талгыз байыркы шаар орду, «Медео» муз аянтчасы, Чымбулак менен Ири Алматы көлү бар. Ошондой эле саякатчылар Мамгалы капчыгайын, Жамбыл аймагындагы Акыртас комплексин, Карахан жана Айша-Бүбү күмбөздөрүн, «Байыркы Тараз» археологиялык борборун кыдырышат. Борбор Азиядагы эң байыркы табигый коруктарынын бири Аксу-Жабагалы да көңүлдөн сырт калбайт. Эскерте кетсек, экспедициялардын жыйынтыгы боюнча «Kazakh TV» телеканалы туристтик мүмкүнчүлүктөр тууралуу атайын программа даярдайт.

НУРЖАН АЛГАШОВ, ЭКСПЕДИЦИЯНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- 6- экспедиция 13 күндүн ичинде Алматы, Түркистан облустарын камтыйт. Уюштуруучулар «Kazakh Tourism» улуттук компаниясы жана «QazaqGeography» республикалык коомдук бирикмеси. Экспедициянын курамында 28 адам бар.

БОГДАН БУЛЫЧЁВ, ВИДЕОБЛОГЕР /ОФ/:

- Бул экспедициянын башкы максаты Казакстандын ички туризимин жайылтуу. Анын алкагында изилдөөлөр жүргүзүлүп, жаңы туристтик багыттар түзүлүүдө. Мен Казакстанга ушуну менен 3-жолу келип жатам. Ар бир сапарымда Казакстанды жаңы бурчунан ачам. Бул жолу да өзүм үчүн көп кызыктарга жолугарыма ишенем.