Казакстанда залалдуу шишик дартын жаңы ыкма менен дарылай башташты

Казакстанда залалдуу шишик дартын жаңы ыкма менен дарылай башташты. Буга чейин колдонуп келе жаткан химиотерапияга дарылоонун альтернативалык ыкмасы чыккан. Томотерапия эми казакстандык бейтаптарга да жеткиликтүү болду. Биринчи жолу 2010-жылы АКШда колдонулган бул ыкма так жана коопсуз шоолаландыруу аркылуу ишке ашырылат, натыйжасында коркунучтуу шишиктер кыйыр таасир калтырбай, акырындык менен кетет.

ДАНИЭЛЬ ФАСС, НЬЮ-ЙОРКТОГУ ТОМОТЕРАПИЯ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Радиация коркунучтуу шишикти жоюп, жанындагыларга зыянын тийигизбейт. Онкологиядагы бул зор жетишкендик эми Казакстанда жеткиликтүү. Астанада ушул долбоорду дарыгер Абай Байгенжин киргизди. Ооруканаларга  томотерапиялык жаңы эки аппараты орноттук. Мен ушул долбоорго катышып, дарыгерлер, адистер жана радиологлор тобунун жумушун координациялап жүрөм.

Дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюмунун божомолу боюнча, 2020-жылга чейин онкологиялык ооруларга чалдыккандардын саны жана ушул дарттан каза болгондордун саны эки эсе  өсөт. Медицина адистери ушул багытта чочулап жатышат.

ДАНИЭЛЬ ФАСС, НЬЮ-ЙОРКТОГУ ТОМОТЕРАПИЯ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- АКШ менен бүткүл дүйнө жаңы куралдарды пайдаланып жүрүшөт. Бирок бир чоң маселе бар –өнүгүп келе жаткан өлклөр аны пайдалана алышпайт. Байгенжин адистер менен серепчилерди Казакстанга чакырып, өз дарыгерлерин бизге жиберип турат. Химиотерапия кээде адамдардын өмүрүн узартууга мүмкүнчүлүк берет, ал эми бул аппараттын жардамы менен оорудан толук айыкса болот.

Адистердин пикиринде, томотерапиянын бир артыкчылыгы – кыйыр таасир калтырбайт. Фотон шоолалары шишикке багытталып, дененин соо мүчөсүнө тийбейт.

ДАНИЭЛЬ ФАСС, НЬЮ-ЙОРКТОГУ ТОМОТЕРАПИЯ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Бейтап келгенде, аппарат Жи-Пи-Эс сыяктуу  оору очогун автоматтык түрдө аныктайт. Болгону 10-15 мүнөт кетет. Бейтапка эч кандай дары керек эмес. Чачы түшпөйт, зыян келбейт. Эң оор дарылана турганы -  бездин шишиги. Эрте аныкталса,  аны дарылоого болот. Ошол себептен, онкологиялык ооруларды эрте диагностикасынын мааниси зор.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Казакстанда 35 миңден ашуун адамда коркунучтуу шишик аныкталган. Онкологиялык ооруга чалдыккан казакстандыктардын жалпы саны 171 миң.