Улуу талаа өлкөсүнө саякат: Кызылордо, Актөбе жана Маңгыстау облустары

Чексиз талаалар аркыоуу деңизден деңизге чейин. Алматыда «Улуу талаа өлкөсүнө саякат» долбоорунун алкагындагы экспедициянын бешинчи этапы старт алды. Курамында 25 адам. Алардын катарында саякатчылар, телевизиондук журналисттер, тур операторлордун өкүлдөрү, чет өлкөлүк жана казакстандык тревел-блогерлер бар. Алар Кызылордо, Актөбе жана Маңгыстау облустарындагы касиеттүү жерлерди, тарыхый жайларды, табияты кооз аймактарды кыдырышат. Экспедиция мүчөлөрү жалпы 3 жарым миң чакырымга чейинки аралыкты басып өтүшөт. Экспедиция аяк оона айынын 21не чейин уланат.

ДАУРЕН РАПТАЕВ, ЭКСПЕДИЦИЯНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Жалпы экспедиция 12 күнгө созулат. Бирок Алматыга кайтууну эске алганда 15-16 күнгө уланышы мүмкүн. Камыстыбас, Арал, андан ары талаа аркылуу  түз Үстүрткө, Маңгыстауга багыт алабыз. Ал жердин табигый жана маданий байлыктарын кыдырабыз. Андан ары Каспий деңизине ат тизгинин бурабыз.

Ири долбоордун жыйынтыктоочу катары «Жаңы Жибек жолу» аркылуу саякаттоо болот. Бул саякат Түркистан, Жамбыл, Алматы облустарынын аймактарын камтыйт. Бул маршрут боюнча Орусиянын National Geographic телеканалы катышат. Белгилей кетсек, долбоордун негизги уюштуруучусу «Kazakh Tourism» Улуттук компаниясы. Kazakh TV телеканалында да экспедицияга арналган программаларда эфирге чыгат.