Билим берүүдөгү инновация

Казакстандык мектептер жигердүү түрдө окуу жараянына  техникалык ноу-хау жана заманбап сабак берүү ыкмаларын киргизип жатышат. Адистердин айтымында, мындай жараян - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул азыркы замандын талабы. Алдыңкы технологиялар өлкөдөгү мектептердеги билим сапатын жогорулатууга шарт түзөт дешет серепчилер. Жаңы жылга карата Казакстандын мектептеринде IT, робототехникалык жана так илимдер класстары ачылды. Аймактарда пилоттук түрдү мамлекеттик тилди латынча үйрөнүү ыкмасы ишке кирди.

НҮРГҮЛ АЗАНБАЕВА, ПАВЛОДАР Ш. БИЛИМ БӨЛҮМҮНҮН АДИСИ:

- Аталган долборду баштаардан мурун ата-энелер жана алардын балдары менен тыкыр талкуулар болгон. Кызыгуу көп. Долбоор жакшы жыйынтык берет деп ишенебиз.

Павлодардын мектептеринде сатып алынган 38 мультимедиялык жабдуулар менен жабдыкталган 17 жаңы модификация канаасы ачылды. Ал эми Батыш-Казакстан облусунда дароо 277 IT-класстары ачылган. Аталган робототехникалык класстарды жабдылоо үчүн 3 миллиард теңге бөлүнгөн. Кураштыруу, 3Д-дизайн, мехатроника окуу программасынын авторлору сертфикацияланган колледжердин адистери.

ГУЛЬФАРИДА АУГАНБАЕВА, №46  ОРТО МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ:

- Класс акыркы маалыматтык технологиялардын талаптарына толук жооп берет. Назарбаев интеллектуалдык мектебинин базасында иштелип чыккан. Мурда дал ушундай класстарда окууту кыял болсо, бүгүнкү күндө ал кыялды биздин жалпы билим берүү мекемесинде ишке ашырууга мүмкүнчүлүк пайда болду.

Атырауда мугалимдер өзүнүн жеке програмалары менен окутуу үчүн Физика интерактивдүү  класстары ачылды. Мугалимдерде  видео сабактарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул шарт англис тилин үйрөтүүдө да ыңгайлуу.

ИНКАР КАБДОЛОВА, 11-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ:

- Мурда биз  лабораториялык иштерде мугалим көрсөтүп, биз жөн гана карап турчубуз. Азыркы тапта биз бул иштерге аралашып, ар кандай шаймандарды колдоно алабыз. Бул абдан кызыктуу.

Инновацияларды киргизүү жана ар бир окуучуга жекече мамиле сапаттуу билим алууга жана окуучулар тарабынан жаңы идеялардын пайда болушуна жол ачат. Бул нересеге өлкөнүн мугалимдери толук ишенимдүү.