Казакстанда «Сары-Арка» маршрурту боюнча экспедиция аягына чыкты

«Улуу Талаа өлкөсүнө саякат» экспедициянын катышуучулары Сарыарка маршруту боюнча өз саякаттарын жыйынтыкташты. Алар 16 күндүн ичинде Түндүк-Казакстан, Павлодар, Караганда жана Акмола облустарын кыдырып, 4 миң чакырымдан ашуун аймакты артта калтыршты. Катышуучулар Түндүк жана Борбордук Казакстандын ар түрдүү табияты жана жаныбарлары менен таанышышты. Алар ээн-эркин табиятта жайылып жүргөн маралдарды көрүшүп, Ажибай көлүнө ат тизгинин буруп, Баянаул жана Каркаралдын улуттук табигый бактарына кадам шилтешти. Албетте экспедиция мүчөлөрү Казакстандын бермети болгон Балкаш көлүнө жана Бурабай курорторуна да барышты. Алардын  айтымдарында, «Сарыарка» маршруту аларга казак талааларындагы мурда белгисиз болгон кооздуктарды ачкан. Эскерте кетсек, масштабдуу турдун жыйынтыгы боюнча тасма жана касиеттүү жерлерге жол көрсөткүч иштелип чыгат.

РАШИД КУЗЕМБАЕВ, «KAZAKH TOURISM» УК» АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

-Бул экспедициянын алкагында 5 улуттук парк, көптөгөн көрүнүктүү жерлерди кыдырып, аймактардын флора жана фаунасы менен тааныштык. Ошондой эле тарыхый жайларды да кыдырдык. Экспедициянын курамында саякатчылар, тур компаниялардын, ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер бар.

НУРЖАН АЛГАШОВ, ЭКСПЕДИЦИЯНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

-Бул экспедициянын жыйынтыгы боюнча жаңы маршруттарды иштеп чыгып, Kazakh Tourism жана туризм комитетине сунуштайбыз. Биз көргөн жерлердин бизди таң калтырганы- бул Акжар тоолору. Бул Борбордук Казакстанда жайгашкан. Сиз талаада бара жатып эч нерсе көрбөйсүз, капыстан кооз табигат ачылат. Эгер жакыныраак келбесең, бул тууралуу билбей калышың мүмкүн.