Семей айланасынан эрте коло дооруна тиешелүү археологиялык баалуу табылды

«Мукыр аңчысы». Семей шаарынын айланасынан табылган археологиялык баалуу табылганы адистер дал ушундай аташты. Ал эрте коло дооруна тиешелүү деген божомол бар. Эскерте кетсек, адам сөөгүнүн калдыктарын үстүбүздөгү жылдын бугу айынын аягында Мукыр дарыясынын жээгинен «Прииртышье» чөлкөм таануучулар коомунун мүчөлөрү табышкан. Божомол боюнча аңчы жаз айларында жардан кулап каза болгон. Адам сөөктөрү менен кошо жылкынын да калдыктары табылган.

АМАНТАЙ ИСИН, ТАРЫХ ИЛИМДЕРИНИН КАНДИДАТЫ:

- Бул адам, ал гунн-сармат, түрк же монголдон кийинки замандыкы болушу мүмкүн. Аны аныктоо алдыдагы изилдөө иштеринин милдети. «Мукыр аңчысы» деген аталышты кабыл алып жатабыз. Анткени илимде ошондой бир ат берилгени жакшы. Анткени эстеликтер өтө көп, кайсы бирин эске тутушат. Кантсе да бул табылгалар биздин өлкөбүздүн тарыхына чоң тиешеси бар.

МАРАТ САСАНОВ, «ПРИИРТЫШЬЕ» ЧӨЛКӨМ ТААНУУЧУЛАР КООМУНУН ТӨРАГАСЫ:

- «Мукыр аңчысынан» табылган жез пластина эрте коло доорун көрсөтөт. Менин оюмча, ага болжол менен 3-4 миң жыл болгон. Бардык археологиялык казууларды изилдөө үчүн Алматы шаарындагы Алкей Маргулан атындагы институтка жиберебиз.