Казакстандын туристтик тартымдуулугу

Казакстан – дүйнө туристтери үчүн өтө тартымдуу мамлекет. Быйылкы жылдын биринчи кварталында эле Казакстанга  1 миллион 800 миң саякатчы келген. Чет өлкөлүк туристтерди Казакстандын табияты, тарыхый эстеликтери, каада-салттары жана маданияты кызыктырат. Өлкөгө келүүчүлөрдүн санынын өсүшүнө Казакстандын визалык режимди жеңилдетүү багытында кабыл алынган аракеттери да өз таасир тийгизип жатат. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 60тан ашуун  мамлекетинин жарандары Улаа талаа өлкөсүнө визасыз кире алышат. Алардын катарында Грузия да бар. Грузиядан агылган туристтердин саны 75 пайызга өстү.

ХАТУНА КОНДЖАРИЯ, ТБИЛИСИ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Мындан 3 жыл мурун иш сапарым менен биринчи жолу Астана шаарына келгем. Эң сонун таасир калтырган. Көптөгөн өлкөлөрдү кыдырсам да, казак сыяктуу жайдары, көңүлдүү элди жолуктурган эмесмин. Көп жылдардан бери Арал деңизин көрүүнү кыялданып жүрөм. Жетинин айында билет алып, жолго чыгуу оюмда бар. Ошондо суук болуп калса керек, бирок, биз ага моралдык жактан даярданып жатабыз.

Кыска мезгилдүү иш-сапар кезинде Борбор Азия маданиятына таң калган саякатчылар Улуу Жибек жолунда жайгашкан касиеттүү шаарлардын санжырасы менен таанышууга кызыктар.

МОНИКА ВАТИБАШВИЛИ, ТУРИСТТИК АГЕНТТИКТИН КЫЗМАТКЕРИ:

- Мурда грузиндер Казакстанга иш-сапарлары менен гана барышса, азыркы тапта бул өлкө курорттук аймак катары кызыктырат. Саякатчылардын көбү Түркистан шаарын тандашат. Тарыхый трендге жаткан байыркы шаар архитектура өзгөчөлүктөрү менен мечиттерге бай. Аны менен катар Казакстан кооз табияты менен көздүн жоосун алат.

Казакстан немис туристтерин таң калтырды. Германиядан келген Райнхард менен Ингрид Кизелди Казакстандын нукура табияты өзүнө тартты. Мындан башка, саякатчылар казактын улуттук маданияты, турмуш-тиричилиги менен таанышышты.

РАЙНХАРД КИЗЕЛ,  САЯКАТЧЫ / ГЕРМАНИЯ:

- Биз Астанада Байтерек, Көз карандысыздык Сарайы, Өкмөт үйү жана ЭКСПОну көрдүк. Бул жердеги имараттардын кооздугу таң калтырды. Ачыгын айтсам, мени жергиликтүү тургундары кубандырды. Казакстандыктар – өтө меймандос эл. Жол бою бизге жардам көрсөтүп, ар дайым колдоо көрсөтүүгө аракет кылышты.

Саякатчы үй-бүлө ушул күнгө чейин 20дан ашуун мамлекетте болушкан. Чакан автобус менен Түндүк жана Түштүк Американы да аралап чыгышкан. Ал эми бул жолу саякатчылар бугу айынын тогузунда  Гамбургдан чыгып, ушул күнгө чейин Москва, Казань, Новосибрск, Владивосток, Улан-Батор сыяктуу шаарларда болушкан. Евразияга болгон саякатын немис үй-бүлөсү Германия менен бардык мамлекеттер ортосундагы достукка арнады. Алардын саякаты тогуздун айында аягына чыгат.