Аэрокосмос мектебиндеги такшалма

Казакстандык кыркка жакын окуучу Улуу Британиянын аэрокосмостук мектебинде такшалмадан өттү. Алардын баары зендүү жаштар сынагынын жеңичүүлөрү. Бул сапар алардын өз кесибин туура тандоого өбөлгө түзөт, дешет адистер. Аэронавтика борборунун башкы лектору Элестер Кук балдарга Jetstream жеңил кош моторлуу турбовинттик жүргүнчүлөр учагы тууралуу айтып берди. Кийин окуучулар аба кемесине отуруп, атайын тапшырмаларды аткарышты. Алар аэрометрикалык түзүлмөлөр менен системалардын көрсөткүчтөрүн кагаз бетине түшүрүштү. Балдар коюлган милдетти тыкыр аткарышып, өздөрүн бир көз ирмемге болсо да авиаинженер катары сезишти. Окутуучулар өз кезегинде аларга оң бааларын беришти.

МУДАССИР ЛОУН, КРЭНФИЛД УНИВЕРСИТЕТИНИН ЛЕКТОРУ:

- Балдардын өздөрүндө калыптанган бул ишке болгон кызыгуусу жана ишениминин деңгээлине карап келечеги жаркын болоорун айтууга болот. Алардан мыкты инженерлер чыгат.

Cranfield University – бул илим, инженерия, технология жана менеджмент боюнча адистештирилген британиялык университет. Жеке аба майданы жана учактары бар өлкөдөгү жалгыз окуу жай.  Алар аэрокосмостук технологиялар программасы боюнча окутуп, системаны изилдөө жараяндарында пайдаланышат. Ошондой эле, балдар өздөрүн учкуч катары да сынап көрүштү. Боинг-747ни дал өзүндө кайталай турган симулятордун жардамы менен алар учуучу аппаратын кондурууну үйрөнүшөт.

ЕЛДОС ЕГИЗБАЕВ, ЧЫМКЕНТ ШААРЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Алгачкы жолу Крэнфилд университетинде учакка отурдум. Бул албетте унутулгус көз ирмедер. Өзүмдү бактылуу сезип жатам.

ГҮЛНУР КУЛЖАНОВА, ПАВЛОДАР ШААРЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Биз азыр гана симулятордон чыктык, алган таасиримди сөз менен жеткирүү кыйын. Учакты чындыгында эле башкаргандай болдум.

АЙКҮН БЕКСУЛТАНОВА, АКТӨБӨ ШААРЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Авиация менен учак жасоо боюнча бул сынак мен үчүн өтө кызык болду. Келечекте ушул тармакта иштегим келет.

Крэнфилд университетинин башчылыгы башында балдарга аэро космос жана авиация индустриясынын канчалык кызыктуу экендигин түшүндүрүүнү максат кылгандарын белгилешет.

ХЭЛЕН АТКИНСОН, КРЭНФИЛД УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОРЕКТОРУ:

- Биз Казакстандан келген окуучуларды кубана тосуп алдык. Мен билем, бул жакка жолдомо алуу оңой болгон жок. Такшалма прогаммасы өтө мазмундуу. Биздин эмгегибиз текке кетпей, келечекте балдар Казакстандын авиация тармагын тандайт деген үмүттөбүз.

Чет өлкөдөгү бул сапар эми адистик тандоого жардам берип, англис тилдерин жакшыртууга жана Крэнфилд университетинин дүйнөдөгү эң мыкты аэрокосмос мектебинде окууга мүмкүнчүлүк берет.