“Көгүлтүр жел кайык” мектебинин 25 жылдыгы

Мектеп-комплекс, үзгүлтүксүз билим берүү флагманы жана дүйнөлүк мыкты университеттер үчүн мыкты бүтүрүүчүлөрдү даярдаган алтын уя. Булардын баары Алматыдагы “Көгүлтүр жел кайык” жеке менчик мектеби тууралуу. Аталган мектеп 25 жыл мурда ачылып, өз мекемесинен беш миңден ашуун окуучуну учурган. Ал эми бүгүн “Көгүлтүр жел кайык” жаңы окуучулар муунун кабыл алды.

Биринчи класстын окуучулары өздөрүнүн биринчи дене тарбия сабагын футбол аянтында өткөрүштү. Матчтан кийин окуучулар бул мектепке жеке эле футболчу эмес, “адам-жөргөмүш”, шахмат чемпиону жана окумуштуу-гений болуу үчүн да келишкенин айтышты. “Бул жерде дал ушул нерселерге окутат”, деп жооп берди,  “Көгүлтүр жел кайык” желелеринин башкы мүдүрү Марина Ескараева.

МАРИНА ЕСКАРАЕВА, “КӨГҮЛТҮР ЖЕЛ КАЙЫК” БИЛИМ МЕКЕМЕЛЕР ЖЕЛЕСИНИН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Билим берүү – бул негиздердин негизгиси. Мамлекет кандай болот, дүйнө кандай болот, жер кандай болот – бардык нерсе билимдүү, акылдуу адамдардан көз каранды. Өз өлкөсү, өз жери, өз үй-бүлөсү менен сыймыктанган инсандардан көз каранды. Бул нерселерди билим берүү системасы, мектептер жана ЖОЖдор берет. Ошондой эле бала бакчалар да берет. Себеби, бардык нерсе бала кезден башталат.

“Көгүлтүр жел кайык”- бул бүтүн бала бакча комплекстери жана орто билим берүү мектептери. Бул жерде жамаат 12 жылдык окуу системасын сынап көргөн расмий аянт. Бул чыныгы патриотторду  тарбиялап чыга турган мектеп.

МАРИНА ЕСКАРАЕВА, “КӨГҮЛТҮР ЖЕЛ КАЙЫК” БИЛИМ МЕКЕМЕЛЕР ЖЕЛЕСИНИН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Бул жеке эле Казакстандын келечеги эмес, бардык өлкөдө парламентарийи болгон Казакстандын азыркысы. Булар бир канча чет тилде эркин сүйлөгөн, интеллигенттүү, билимдүү, акылдуу, өз өлкөсүнүн патриоттору.

«Мен өз мекенимдин патриотумун» - окуу жылдын алгачкы күнүндө өтүлгөн негизги сабактардын бири ушундай аталды. Биринчи класстын окуучулары бул мектептин босогосун он жылдан кийин аттай тургандарга каалоо-тилек жазышты. Алар: “Өз мекениңерди сүйгүлө!”, деген жазуу калтырышты.