«Улуу талаа өлкөсүнө саякат» долбоору

«Улуу талаа өлкөсүнө саякат» долбоору

«Улуу талаа өлкөсүнө саякат» долбоорунун алкагында «Жетисуу Алатоо» багыты боюнча төртүнчү саякат аяктады. Бул жолу экспедициялык топ көздүн жоосун алган кооз табияты менен бирге байыркы тарыхый-маданий эстеликтерге бай касиеттүү Жетисуу аймагын кыдырды. Алардын катарында сыры толук ачыла элек «Беш чатыр»  коругу, орган музыкасына окшош добуш чыгара турган касиети менен өзгөчөлөнгөн «Айкайкум» бар. Ошондой эле, саякатчылар «Алтын Эмель» улуттук сейил багы, Актау, Катутау жана Баянжүрөк тоолоруна барып, байыркы темир доорунда аскага тартылган сүрөттөрдү көрүштү. Буга кошо, Жетисуу Алатоонун Бүйен өзөнү, бийиктиги жагынан Борбор Азияда экинчи орунду ээлеген Бурхан-Булак шаркыратмасы менен Кора капчыгайына токтошту. Жалпы, 12 күнгө уланган  сапардын алкагында 2130 чакырым жол басып өтүлдү. Эскерте кетсек, экспедиция мүчөлөрү белгилүү казакстандык, чет өлкөлүк блогерлер, тилчилер жана туристтик операторлордун өкүлдөрүнөн уюшулган.

ДЖЭК ХАРДИН, САЯКАТЧЫ, ФОТОГРАФ-БЛОГЕР / ШВЕЦИЯ/:

- Ушул эки жума аралыгында көрүнүктүү жерлерди кыдырып, күндүн чыгуусу жана батышы сыяктуу кооз көрүнүштөрдү сүрөткө тартып алдык. Мейман достугун болушунча тааныткан жергиликтүү тургундар менен тааныштым. Тоолорго чыгып, аттуу маршруттар менен жүрдүк. Сапар алкагында жыйналган көптөгөн фото материалдар менен бөлүшүүгө шашып жатам. Кызматташтыгыбыз уланаарына ишенип турам.

ИҢКАР МЕНАЯКОВА,  ЭКСПЕДИЦИЯ ЖЕТЕКЧИСИ:

- «Жуңгар Алатоо» мамлекетибиздин өтө баалуу казынасы катары саналат. Бирок, касиеттүү жайдын мүмкүнчүлүгү толук ачыла элек. Бул аймак кооз жерлерге толуп жатат. Алардын көркүн ачып жакшыртуу керек. Аны биз блогерлер, фото-сүрөтчүлөр жана операторлордун аркасында ишке ашырып жатабыз. Адистер саякат алкагында баалуу материалдык фонд жыйноо үстүндө. Алардын эмгектери масс медиа аркылуу көпчүлүккө жарыяланат.

Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнү көздөгөн саякаттардын кийинки багыттары «Деңизден-деңизге чейин», «Жаңы Жибек жолу» болот. «Улуу талаа өлкөсүнө саякат» долбоорунун жыйынтыгы боюнча «Kazakh TV» телеканалында Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө атайын программа чыгарат. Экспедициянын расмий медиа-өнөктөшү «Хабар» Агенттиги.