Казакстанда Конституция күнү белгиленүүдө

Казакстанда мамлекеттик майрам - Конституция күнү белгиленүүдө. Казакстандын башкы мыйзамы өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө негиз салды. Конституцияны кабыл алуунун алгачкы кадамдарында  өлкөнүн жарандары бул долбоорго жигердүү катышкан. 3 миллиондон ашуун жаран катышкан 33 миңден ашуун жамааттык талкуу орун алган.

ЖАНГЕЛДИ МАХАШЕВ, КР УЛУТТУК АРХИВИНИН МҮДҮРҮ:

- Конституциянын кабыл алынганына 23 жыл болду. Баш мыйзам 1995-жылдын баш оона айынын 30да кабыл алынган. Негизги документ өлкө жарандарынын укуктук коопсуздугунун кепили болуп, жаңы программалардын башаты  катары таанылууда.

Казакстандын улуттук архиви – пост кеңештик мейкиндигинде эл аралык талаптарга жооп бере турган алдыңкы үлгүдөгү технология менен жарыктандырылган бирден-бир мекеме.  Бул жерде Казакстандын тарыхый документтик мурасы сакталат. Бул болжол менен 340 миң баалуу маалымат. Алардын катарында 1993-жылы кабыл алынган Конституциянын түп нускасы да бар. Документ 4 бөлүмдөн, 21 баптан жана 131 беренеден турат. Башкы документтин  кабыл алынуусу менен санжыралуу өлкөнүн өнүгүүсү дагы да алга жылды. Бүгүнкү күндө  ошол укуктук мамилелердин булагынын  негизинде жаңы мыйзамдар кабыл алынып, өлкөгө кызмат кылууда.

ДИНАРА БЕРЛИГОЖИНА, КР УЛУТТУК АРХИВИНИН КАМПАСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Бул биздин архивдик кампабыз. Бул жерде документтер сакталат. Алардын уникалдуусу албетте 1993-жылы үчтүн айынын 28де кабыл алынган биздин Конституция. Документтер ушундай кутуларда сакталат.  Бул Конституция Казакстан Республикасынын негизин түзөт. Бул - өлкөнүн башкы казынасы, жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиги. Бул документ биздин Улуттук архив фондуна Президенттин администрациясы тарабынан тапшырылган. Ошондон бери номур биринчи документ катары сакталуу.

Бул башкы мыйзам замандын агымына ылайык өзгөрүп, коомду андан ары алгалаттууга кеңири жол ачты. Ушунун аркасында Казакстан тынчтык жана бейпилдикте жашап келе жатат. Казакстандын Конституциясы башкаларга үлгү, аталган башкы мыйзамдын Казакстанга тийгизип жаткан таасирине көп өлкөлөр кызыктар.