Алматылык дарыгерлер көздүн тунук челин консерваланган донордук материал менен алмаштырууну өздөштүрдү

Медицинадагы жаңы ыкмаларды алматылык дарыгерлер өздөштүрүп жатышат. Алар америкалык офтальмологдордун жетекчилиги менен көздүн тунук челин консерваланган донордук материал менен алмаштырууну өздөштүрдү. Оор  операцияны башынан өткөрө турган бейтап Тараздан жеткирилди. Анын сол жак көзү үч жыл мурун баласы эритме бар идишти сындырганда, чачырандыларынан жабыркаган. Көздүн тунук чели катуу күйүп калгандыктан, аны толугу менен алмаштыруу зарылчылыгы пайда болгон. Ушул кезге чейин Казакстанда мындай трансплантациялоо жасалган эмес.

БЕНДЖАМИН ЛАМБРАЙТ, ХИРУРГ-ТРАНСПЛАНТОЛОГ /АКШ/:

- Чындыгында, АКШнын өзүндө мындай операцияны жасай турган хирургдар аз. Анткени бул өтө оор операция. Казакстандык офтальмологдордун ушундай трансплантациялоого бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигине көзүм жетти. Сиздерде негизги чечилбеген маселе - донордук материал.

Мурун казакстандык дарыгерлер запкы жеген көздүн түзсүз челин алмаштыруу үчүн бардык кабатын толугу менен алып салып, башка чел салынчу. Эми, түзсүз челди ички жагынан алмаштыруу тажрыйбага киргизилүүдө. Бул ыкма көздүн көрүүсүн толук ачууну, тигүүнү талап кылбайт. Операциядан кийин дарылануучу тез оңолуп, көрүү жөндөмдүүлүгү жакшырат.

МАРАТ СҮЛЕЙМЕНОВ, «КӨЗ ООРУЛАРЫ КАЗИИИ» АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Ошондуктан биз көздүн челин америкалык банктан алдык. Жалпылап айтканда, алдыдагы убакытта алар бизге консерваланган көздүн челин жеткирүү боюнча келишимге кол койдук.

Республика боюнча, көз челин алмаштырууга муктаж 200гө жакын адам бар. Донор жетишсиздиги маселесине байланыштуу көрүүсү запкы жеген адамдар көздүн түзсүз челин алмаштыруу операциясын узак күтүшөт. Жаңы технология боюнча жыл аягына чейин 70 бейтапка океандын ары жагынан алып келинген консерваланган көз челдери алмаштырылып, салынат.