Ядролук сыноолорго каршы эл аралык иш-аракет күнү

Баш оона айынын жыйырма тогузу - ядролук сыноолорго каршы эл аралык иш-аракеттер күнү. Белгилей кетсек, 2009-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы Казакстандын кооптуу куралга күрөш демилгесин колдогон. Дүйнө деңгээлинде дал ошол күндү белгилөө да жөн жерден эмес. Анткени 27 жыл мурун Баш оона айынын жыйырма тогузу күнү Президент Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен Семей ядролук сыноо полигону жабылган. Ошондой эле, серепчилер Казакстандын дүйнөлүк антиядролук кыймылды баштап, «АТОМ» эл аралык долбоорун ишке кошконун өзгөчө белгилешүүдө. 2015-жылдын бештин айында БУУнун Ядролук куралдан эркин дүйнө куруу тууралуу жалпыга орток декларациясын кабыл алууда Казакстан өзүнүн олуттуу салымын кошкон. Өлкө аймагында эл аралык төмөн байытылган уран банкынын аралашуусу да Казакстандын бул багыттагы эффективдүү саясатынын ачык далили. Ушул сыяктуу Казакстандын мыкты демилгелери дүйнөдө куралсыздандыруу багытында самиттер жана конференцияларда, анын ичинде БУУ Коопсуздук Кеңешинин аймагында дүйнө өлкөлөрүн жапырт кырып, жок кылуу кооптуу ири куралды аскерий максатта колдонбой, таптакыр баш тартууга чакырып жүрөт. Былтыр Астана ядросуз дүйнө куруу аянтына айланды. Казакстандын борборунда өткөн Пагуош конференциясында алдыңкы серепчилер ядролук куралдын ааламдык кооптуу-коркунучун алдын алуу маселелерин талкууга салган.