Чыгыш Казакстан облусунун көрүнүктүү жерлерине масштабдуу экспедиция

“Алтай – цивилизация бешиги” аттуу Казакстандын көрүнүктүү жерлерине масштабдуу экспедициянын кезектеги этабы жыйынтыкталды. 12 күндүн ичинде кесипкөй гиддер, тажрыйбалуу саякатчылар, казактандык жана чет өлкөлүк журналисттер, белгилүү саякатчы-блогерлер 3000 чакырым аралыкты басып өтүшүп, Чыгыш Казакстан облусунун уникалдуу жерлерин кыдырышты. Алардын катарында Язевое, Маркакөл, Зайсан, Алакөл көлдөрү, Австриялык жол, Рахман булагы, Кийин Кериш капчыгайы сыяктуу керемет жайлар бар. Катышуучулардын айтымында, Казакстан туризм мүмкүнчүлүктөрү чоң мамлекет. «Kazakh Tourism» улуттук компаниясы менен биргеликте жаңы тур маршруттар иштелип чыгат. Аяк оона айынын аягына чейин «Сары-Арка», “Деңизден деңизге” жана “Жаңы Жибек жолу” экспедициясынын этаптары болот.

КОНСТАНТИН КИКВИДЗЕ, ФОТОГРАФ:

- Экспедициянын жыйынтыгы боюнча Чыгыш Казакстан облусунун табиятын чагылдырган фото, видео банктары түзүлүп, туристтер үчүн жол көрсөткүчтөр иштелип чыгат жана эко саякатчылары үчүн жаңы маршрут сунушталат. Ошондой эле биз, өлкөдөгү туристтик мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча өз сунуштарыбызды беребиз.