«Улуу талаа өлкөсүнө саякат» экспедициясы

Журналисттер, операторлор, чет өлкөлүк жана казакстандык саякатчы-блогерлер, фото-сүрөтчүлөр Казакстандын ыйык жерлерине саякаттарын улантышууда. Катышуучулар «Сарыарка» багыты боюнча Баянауыл жана Каркаралы табигый парктарында болуп кайтышты. Бул жерде саякатчылар көздүн жоосун алган Торайгыр, Шайтанкөл жана Жасыбай табышмак көлдөрүн көрүштү. Аны менен катар саякатчылар, Улуу казак агартуучусу Абай Кунанбаевдин атасы пайдубалын түптөгөн эң байыркы мечиттердин бирине да токтошту. Эскерте кетсек, «Сарыарка» багыты боюнча экспедиция мүчөлөрү Акмола жана Караганды облустарынын табигый парктары жана коруктарынын кереметтүү табиятына сапар тартышат. Экспедиция аяк оона айынын 4нө чейин уланат.