«Улуу Талаа өлкөсүнө саякат» долбоорунун «Сарыарка» багыты боюнча IV экспедициясы башталды

«Улуу Талаа өлкөсүнө саякат» долбоорунун «Сарыарка» багыты боюнча төртүнчү экспедициясы башталды. «Kazakh Tourism» жана «Qazaq Geography» Казакстандын улуттук географиялык коому ич ара кызматташтык меморандумунун айланасында ишке ашырылып жаткан экспедиция баш оона айынын жыйырмасынан, аяк оона айынын төртүнө чейин уланат. Павлодар, Акмола, Караганды, Түндүк Казакстан облустарын кыдырышат. Туристтик  жайларды көрүшүп, маданий-тарыхый объекттерге барышат. Жолго чыккан экспедиция багытындагы биринчи объект – «Буйратау» улуттук паркы болду. 27 адамдан түзүлгөн топ курамында журналисттер, саякатчылар жана блогерлер бар.

НУРЖАН АЛГАШОВ, ЭКСПЕДИЦИЯ ЖЕТЕКЧИСИ:

- 16 күндүн ичинде 4 жарым чакырым жолду артта калтырабыз. Экспедиция жыйынтыгы боюнча бир нече иштер жасалат. Биринчиден, туристтик жай катары табыла турган объекттердин тизмеси жасалат. Ушул объекттердин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кандай иш-аракеттерди кабыл алуу керектиги тууралуу сунуштар айтылат.